Жалал-Абад: Мектеп окуучусу DVD-ойноткучтун тетиктеринен оюнчук машина жасап чыкты

Жалал-Абад облусунун Терек-Суу айылында онунчу класстын окуучусу Жоодар Асылбеков DVD-ойноткучтун тетиктеринен оюнчук автоунаа жасап чыкты. Ал техникага 14 жашынан кызыгат.

Асылбеков пульт менен башкарыла турган оюнчук машинаны жасоого бир жума кетирди. Оюнчукту жасап чыгыш үчүн керек болгон тетиктердин баарын ал өзүнүн устаканасынан алган.

«Бул машина үчүн мен DVD-ойноткуч менен жыгач колдондум. Басып иштеткич, мотор жана 3,7 вольттук кадимки батарейкалар бар. Дөңгөлөктөрүн мен башка оюнчуктардан алдым», — дейт жаш уста.

Буга чейин Жоодар ар кандай техника каражаттарын, мисалы, желдеткич, оюнчук айланкөчөк, кемелердин жана үйлөрдүн макеттерин жасап жүргөн. Пульт менен башкарылган машина Жоодардын бешинчи эмгеги.

Анын иштерин көргөндөрдүн баары мактап, атасын тартканын айтышат. Анын атасы Асылбек Бегалиев — айылдагы үч жыгач устанын бири, айылдаштары аны жакшы көрүшөт.

Жоодар бош убактысында атасына устачылык боюнча, энесине үй жумуштары боюнча жардам берип турат. Келечекте ал архитектор болгусу келет.

Текст менен видеонун автору: Азима Нурбек кызы
Монтаж: Айбол Кожомуратов