ӨКМ: Майлуу-Сууда жер көчкү жыла баштады, алты үйдүн жашоочулары эвакуацияланды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жанындагы айылдарда 15-мартта эртең менен жер көчкү жыла баштаганы катталды. ӨКМдин кызматкерлери жакынкы үйлөрдүн жашоочуларын эвакуациялап, эми байкоо жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 15-мартта эртең менен Сары-Бээ айылында 700-800 миң куб метр көлөмдөгү жер көчкү жыла баштаганын билдирди. Жер көчкү алты үйдөн бир-эки метр аралыкка келип токтоп калды. Анда жашагандар коопсуз жерге чыгарылды.

Ошондой эле Көпүрө-Башы участогунда да көлөмү 300-400 миң куб метр жер көчкү жыла баштады. Окуя болгон жерге ӨКМдин алдындагы мониторинг департаментинин тобу барды.

Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Расулов окуя болгон жерге комиссия менен келди. Ал Kloop.kg менен болгон маекте тополоңго негиз жок экенин билдирди.

«Көчкүнүн кыймылы байкалып атат. Биз жергиликтүү тургундарды убактылуу чыгарып турууну чечтик, жер көчкүгө байкоо жүргүзүлүп жатат. Жер көчкү үйлөргө зыян келтирет деген коркунуч жок», — деди ал.

Анын айтымында, жер көчкү аздан-аздан түшүп жатат жана байкоодон кийин ӨКМ кызматкерлери кийинки аракеттер жөнүндө чечимге келишет.

Расулов жер көчкүнүн айынан уран калдыктары бузула турган коркунуч жок экенин билдирди, анткени ал айылдан бир нече чакырым аралыкта турат.

Жарандык коргонуу боюнча комиссия эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Майлуу-Суу — Кыргызстанда «куйруктардын», башкача айтканда уран рудасын иштетүү калдыктарынын радиоактивдүү көмүлмөсү жаткан жети жердин бири.

Уу калдыктарын көп учурда сел менен ташкындар жууп кетип турат. Алар жаан-чачын сезонунда эң коркунучтуу.


ТЕМА БОЮНЧА: