Бишкек: Сөз эркиндиги үчүн жүрүштө кармалгандар беш суткага камалды

Милиция Бишкекте 18-мартта сөз эркиндигине арналан жүрүштүн төрт катышуучусун кармап, беш суткада камады. Жүрүш «Азаттык», «Заноза» жана 24.kg онлайн басылмаларына каршы президент жана анын партиясынын көп миллиондогон соттук доо арыздарынан кийин уюшулган.

Сөз эркиндигине арналган жүрүштүн кандай өткөнү жөнүндө сүрөт баянды бул жерден көргөнгө болот.

Милиция кызматкерлери, алдын ала маалыматтарга караганда, жүрүштүн төрт катышуучусун: Мавлян Аскарбековду, Азамат Аттокуровду, Айбек Мырзаны жана Расул Мамбеталиевди кармашты. Алар Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп баратканда кармалган.

Милиция депутут Каныбек Иманалиевди жана төрт адамды кармап, Иманалиевди кийинчерээк коё беришти.

Бул жүрүш болжолдуу 10:30да Түштүк дарбазадагы Жеңиш паркында башталып Бишкектин борборунда жайгашкан Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында бүтүшү керек болчу.

Жүрүш кызып Бөкөнбаев-Абдрахманов көчөлөрүн кесилишинде айрым катышуучулар транспорт жүргөн жолго чыгууга аракет кылышкан. Активисттердин жүрүшү учурунда коопсуздукка көзөмөл салган милиционерлер демонстранттарды чекеге сүрүп чыгып, алдын ала даярдалган автобустарга сала баштады. Активисттер барабандар менен жүрүшүн улантып жатканда автобустар аларды коштоп жүрүшкөн болчу.

Милиция үч автобус даярдап койгон.

Мындан улам активистер кармалгандары бошотууга аракет кылып, бирок милиция кызматкерлери автобустарды жана жолду бойлото бекем курчап турду.

Кармалгандардын арасында депутат Каныбек Иманалиев, активисттер Мавлян Аскарбеков, Азамат Аттокуров, Айбек Мырза жана Расул Умбеталиевдер болгон. Андан тышкары Би-Би-Синин журналисти Абдыбек Казиев да кармалган.

Жүрүштү уюштургандардын бири, активист Эдил Байсаловдун айтымында, милиционерлер депутат Иманалиевди дароо эле коё берип, андан соң Би-Би-Синин журналистин бошотушкан.

Калган кармалгандар Свердлор райондук сотуна жеткирилген.

Милиция активисттерди автобустагы кармалгандардан узакташтырып жатат.

Кармалгандардын соту саат 15:00 башталып жабык тартипте өткөн.

«Бизди соттук отурумга киргизбей, депутаттарды эле киргизишти, биз болсо сот имараттын жанында турабыз. Бул административдик тартип боюнча сот, аларга штраф салып же камаганга чейин барышы мүмкүн. Азырынча эч нерсе белгисиз, отурумдун качан бүтүшүн да билбейбиз», — деди Байсалов Kloop.kgге курган маегинде.

Айрым активисттердин кармалганына карабастан катышуучулар жүрүштү улантышкан. Бирок алдын ала пландалган боюнча, Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эмес Лев Толстой көчөсүнө чейин эле уланган. Ал эми Уркуя Салиеванын эстелигине чейин 40тай адам эле жеткен. Ал жерде Байсалов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, аларга кармалгандардын соту өтө турган Свердлов райондук сотуна барууну сунуш кылды.

Кармалгандардын бири активист Азамат Аттокуров өзүнүн фэйсбугунда жазгандай, соттун чечими чыгарылбай эле кармалгандарды убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен.

https://www.facebook.com/azamat.attokurov.9/posts/10154399529062405

Мэрияга кабар берилген

Жүрүш башталаар алдында, уюштуруучулардын айтымында, алар Бишкек мэриясына акция өткөрүүнү пландап жатышканы тууралуу 10-мартта кабарлашкан. Бирок Октябрь РИИБнин начальнигинин орун басары Арман Насипкулов соттун чечимине таянып, активисттерге Бишкектин борбордук Абдрахманов көчөсүндө жүрүш өткөрүүгө тыюу салган. Анда активисттер — болжолдуу 100 адам — тротуарда жүрүш уюштуруп, бирок өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн ар бир жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүндө жолдон өтүүгө макул болушкан.

Жүрүштүн уюштуруучусу Эдил Байсалов.

Бишкек мэриясынын басма сөз борборунан кабарлашкандай, жүрүш тууралуу билдирүү алышкан жана журналисттерди колдогон акция мыйзам чегинде өткөн. Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо үчүн жүрүштүн катышуучуларын коштоп жүрүшкөн.

Жүрүшкө саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан. Саясатчылардан парламенттеги оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын депутаттары чыккан. Алар билдиргендей, бийлик ЖМК менен соттук системага да «басым жасоодо».

Жүрүштө президенттин КСДП партиясынын депутаты Жанар Акаев да жүрдү. Ал дайым эле өз партиясынын бирдиктүү көз карашын кармана бербейт. Мурда Акаев «Азаттык» үналгысында иштеген. Учурда башкы прокуратура «Азаттыкка» каршы президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо боюнча доо арыз берген.

Президент ЖМКга каршы

Президент Алмазбек Атамбаев ЖМКларга карата сын пикирин ушул жылдын март айында ачык айтып чыккан. Мунун баары Атамбаевдин парламент депутаты, оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен карама-каршылыгынын шартында болууда.

Саясатчылар бирин-бири коррупция боюнча айыптап жатышат: Текебаев Атамбаевдин капиталы кандайча пайда болгонуна кызыкса, Атамбаев Текебаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги талоончулукка тиешеси бар экенин иликтөөнү талап кылган.

Кыргызстанда алгачкы жолу бир канча күндүн ичинде, 6-13-мартта, президент журналисттерге каршы жалпы 29 миллион сомдук беш доо арызын берген. Мындан тышкары, президенттик КСДП партиясы 24.kg басылмасына жана укук коргоочу Рита Карасартовага каршы эки миллион сомдук доо арыз берген.

Укук коргоочу Рита Карасартова сөз эркиндиги үчүн жүрүштө.

Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоп «Азаттык» жана «Заноза» порталдарына каршы «жалган маалымат таратканы» үчүн доо арыздарды берген. Аталган басылмалар Текебаевдин партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынын чагылдырышкан. Юристтер басма сөз жыйынында «Манас» аэропортунун жанында кулап түшкөн «Боингдеги» жүктүн президентке жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин билдиришкен. Анда бийлик бул билдирүүнү «сандырак» деп атап, журналисттерге көрсөтүлгөн документтерди «жасалма» деген.

Анын артынан Текебаевдин президенттин Кипрдин оффшорлорундагы мүлкү тууралуу сөздөрүнө шилтеме жасаганы үчүн жана «Занозанын» негиздөөчүсү Нарын Айыптын 2015-жылдагы макаласы үчүн «Азаттык» менен «Занозага» каршы дагы эки доо арыз берилген. Нарын Айып өз макаласында президент Атамбаевдин фондуна каражаттар кайдан келип түшкөнүнө кызыккан. Ал фонддон Атамбаев ар кандай адамдарга материалдык жардам иретинде акча бөлүп берет.

Басылмалар булактардын сөздөрүн сөзмө-сөз чыгарганы үчүн доо арыздарды негизсиз деп эсептешет.

Сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүштөн Kloop.kgнин видеосу

Жүрүштүн 1-бөлүгү:

Жүрүштүн 2-бөлүгү:

Жүрүштүн картасы:


ТЕМА БОЮНЧА: