Каракол: Шаардагы таштанды төгүүчү жайдын айланасы коопсуздук үчүн тосулат

Караколдун бийлиги Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен шаардагы таштанды төккөн жайдын айланасын тосуп, жаңы техника сатып алат. Айланасы тор менен тосулгандан кийин таштанды ал жерден учуп чыкпай турган болуп калат.

Каракол мэриясы шаардагы таштанды төгүүчү жайды коопсуз абалга келтирип, бийиктиги алты, узундугу 500 метр болгон тор менен тосууну чечкен. Муну менен таштанды учуп чыгып айлана-чөйрөнү булгабай калат.

«Азырынча биздин жаңы таштанды төгүүчү жайды ачуу планыбыз жок, анткени бул аймак бизге дагы 7-8 жылга чейин кызмат кылат», — деген Караколдун мэри Данияр Арпачиев.

Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 100 миң сомго тараза орнотулуп, аны менен айдоочу канча таштанды алып келгенин өлчөп турат.

«Бул болсо жүктүн салмагына жараша айдоочуларга акча төлөп берүүгө өбөлгө түзүп, шаардын санитардык тазалыгына стимул болуп калат», — деп түшүндүргөн мэр.

Жергиликтүү таштанды полигонун тосуу иштери Азия өнүктүрүү банкынын «Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүүсү» долбоорунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

АӨБ Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары үчүн жаңы техника сатып алууну да каржылап, эки таштанды ташыгыч унаа, таштанды баскыч жана беш атайын техника алып берет.

Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүүсү» — бул АӨБ менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн узак мөөнөттүү долбоорунун бир бөлүгү.

Долбоордун максаты — Ысык-Көл аймагында айлана-чөйрөнү башкаруу жана шаардагы кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу.

Сүрөт: 24.kg


ТЕМА БОЮНЧА: