«Айчүрөк» дүкөнү менен Филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлдөрдө заманбап пандустар пайда болот

Бишкек мэриясы «Айчүрөк» дүкөнүнүн жана Филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлдөрдү башынан оңдоого тендер жарыялады. Ал жерде майыптар үчүн заманбап көтөргүчтөр пайда болот.

Мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары Койчогул Ибраимов «Айчүрөк» дүкөнү менен Филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлдөрдү башынан ондоого 70 миллион сом жумшалаарын айтты.

Мэрия 31-августка чейин негизги оңдоо иштеринен тышкары майыптар үчүн 8 заманбап пандус орнотууга убада берүүдө.

Муниципалитетте белгилешкендей, көтөргүчтөр эл аралык коопсуздук ченемдерине туура келип, 200 килограммга чейин чыдап, сактык бекиткичтери болот.

ККБнын башчысынын орун басары Ибраимов жер астындагы өткөөлдөр «авария алдындагы абалда» экенин моюнга алды.

«Чатырдан суу агып, шып үбөлөнүп, такталар бузулуп жатат», — деп арызданды ал.

Ошондуктан мэрия түтүктөрдү оңдоп, жаңы сугат системасын орнотуп, клумба отургузууга даярданып жатат. Жер астындагы өткөөлдөрдөгү тепкичтерди граниттен жасап, аларга жарык орнотууга убада беришүүдө.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жер астындагы өткөөлдөр жарым-жартылай жабылат.