Бишкек-Ош жолу: Кар көчкүнүн алдында калып төрт киши курман болду, алты киши куткарылды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда 27-мартта кар көчкү түшүп, он киши кардын астында калды. Транспорт министрлигинин төрт жумушчусу мүрт кетип, дагы алтоо кардын астынан чыгарылды.

Кар көчкү Бишкек-Ош автожолунун 255-чакырымында 27-март күнү болжол менен кечки саат тогузда түшкөн. Кардын астында үч автоунаа калган.

Алардын арасында Транспорт жана жолдор министрлигине таандык «Тойота Пикап» маркасындагы автоунаа болгон.

ӨКМдин тез аракеттенүү борборунун башчысы Мухаммед Сваров Kloop.kgге Транспорт министрлигинин төрт кызматкеринин сөөгү кар астынан 28-мартта түнкү саат бирде алынып чыкканын кабарлады.

Мындан тышкары, куткаруучулар кардын астынан «Лексус» жана «Субару Легаси» маркасындагы эки автоунааны сууруп чыгышкан, алардын бардык жүргүнчүлөрү — алты киши — жабыркаган жок.

Кардын астында калгандар ал жакта беш саатка жакын убакыт болушкан. Аларга Токтогул ооруканасында медициналык жардам берилген.

Куткаруу операциясын жүргүзүш үчүн ӨКМдин 52 кызматкери жана беш даана техника тартылган.

28-мартта таңга маал жол ачылды, бирок карды тазалоо боюнча иштер улантылууда.

Курман болгондордун тизмеси:
  1. Момуналиев Анарбек Рапитбаевич, 1972-жылы туулган, «Ниссан Пикап» автоунаасынын айдоочусу;
  2. Орунбеков Нурбек, № 23 Жол пайдалануу башкармалыгынын (ЖПБ) XG955 жүк салгычынын оператору;
  3. Жапаркулов Султангазы Фронтбекович, 1969-жылы туулган, № 23 ЖПБнын жолчусу;
  4. Акчабай уулу Курсант, 1996-жылы туулган, № 23 ЖПБнын жол устасы Акчабай Мураталиевдин уулу.
Сүрөт: Turmush