«Эл аралык мунапыс»: Өзбекстандын бийлиги өз жарандарын мыйзамсыз аңдууда

Дүйнөдөгү эң ири укук коргоочу уюмдардын бири «Эл аралык мунапыс» уюму Өзбекстандын бийлиги өлкөнүн тургундарын телефондор жана Интернет аркылуу аңдый турганын билдирди.

Уюмдун укук коргоочулары Өзбекстанда Интернет жана телефон байланышы аркылуу аңдуу бардык жерде жүргүзүлөөрүн билдиришти.

Аңдуу үчүн ыкчам-издөө иш чараларынын системасы — ЫЫИЧС — колдонулуп, ал бийликке уюк операторлорунун түйүндөрүнө жеткилик алууга мүмкүнчүлүк берет.

Байланыш операторлору мыйзам боюнча өз акчасынын эсебинен өз түйүндөрүнө мамлекеттик органдардын жеткилигин камсыз кылып бериши керек. Операторлор өздөрү мамлекеттик органдар алардын түйүндөрүнө канча жолу жана эмне себептен кирип тураарын билишпейт.

Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, мыйзамсыз аңдуу атайын кызматтардын опуза өнөктүгүнүн бир бөлүгү болуп калууда.

«Өзбекстандагы аңдуу укук коргоочулар, журналисттер, саясий активисттер жана Өзбекстандын башка жарандары турган ансыз деле куугунтукка жык толгон шартын күчөтүүгө өбөлгө түзүүдө», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Уюмдун адистери журналисттер, укук коргоочулар, бийликти сындагандар камак менен куугунтуктан кутулуш үчүн Өзбекстандан кетүүгө мажбур экенин билдиришет.

Уюмдун маалыматы боюнча, өлкөдөн кеткендердин көбү өз үй-бүлөсүндөгүлөр менен байланышуудан коркот, анткени алардын туугандарын бийлик суракка алып, кармап, куугунтукташы ыктымал.

Өлкөдө кала берген укук коргоочулар, журналисттер жана бийликке каршы чыккандар дайыма кармоого, кыйноого кириптер болушат.

«Эл аралык мунапыс» бийлик өлкөнүн атайын кызматтарынын ишин жөнгө салган мыйзамдарды адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерге ылайык келгидей кылыр өзгөртүшү керек деп эсептейт.