«Мен таза уттум»: Эки уюк операторунун ири байгелерин бир киши кантип утуп алган?

Коомдук түйүндөрдү колдонуучулар бир эле адам «Мегакомдун» да, «Билайндын» да сыйлыгын алып жатканы тартылган эки сүрөттүн коллажын көрүп нааразы болушкан. Бирок сүрөткө тартылган бишкектик Алмазбек Раимбеков байгелерди таза утканын билдирди.

Раимбеков эки уюк операторлору — «Мегаком» жана «Билайн» менен алдын ала сүйлөшүп алганы тууралуу дооматтарды четке какты. Анын айтымында, ал үч миллион сомду таза жол менен утуп алган.

Бишкектин тургуну колдонуучуларга суроолору бар SMSтер келген викторина ойноп жүргөнүн айтты.

Анын утушуна жардам берген схема жөнөкөй эле болгон: адегенде ал суроо-жоопторду жаттап алыш үчүн көп акча жумшаган, анткени алар көп учурда кайталанат экен. Андан кийин суроолорго өтө тез жооп бергенге кынык калганын айтат.

«Эгерде ал жакта өз кишиси болсо алар мени эмес, ар кандай башка адамдарды … мисалы моделдерди тандап алышмак!» — деди Раимбеков.

Раимбеков быйыл 29-мартта «Мегакомдон» миллион сом утуп алган. «Билайнда» болсо эки жыл мурун эки миллион сом уткан.

Раимбековдун айтымында, анын биринчи утушунан кийин аны тиешелүү органдар текшерип чыгышкан.

«Мен таза утканыма көздөрү жеткенден кийин гана мага акчаны тапшырышты», — деди ал.

«Мегакомдун» жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов викторинанын жеңүүчүсү туура тандалганын айтты.

«Ошондон бери упайлардын эсептелиши жана викторинанын бардык шарттарын аткаруу боюнча бир катар текшерүүлөр болду. Ал текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кандайдыр эреже бузулган учур табылган жок», — деп билдирди Өмүрканов.

Анын айтымында, Алмазбек Раимбеков да, анын туугандары да уюк компанияларынын кызматкерлери эмес.

«Билайн» операторунан азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.