УКМК депутат Исаковго коррупция боюнча айып такты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттеги КСДПнын депутаты Музаффар Исаковго Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп тургандагы коррупциялык иштери боюнча айып такты. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков адамдарга жерди мыйзамсыз өткөрүп берген.

Президентти колдогон социал-демократтар партиясынын депутаты Исаков райондук мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарынын жетекчилери менен көмүскө келишимдерди түзгөн деп айыпталып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 2010-жылдан 2015-жылга чейин айыл чарба жерлерин үй салыш үчүн мыйзамсыз өткөрүп берип турган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, депутат жалпы 14,34 гектар жерди турак-жай курууга өткөрүп берүү үчүн 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.

«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жарандар жер тилкелерин 1,5 миңден 3 миң АКШ долларына чейин сатып алганын айтышты», — деп кабарлады Башкы прокуратура.

УКМК депутатка эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасын чыгарган.