«Интерфакс»: Петербургдагы террордук чабуулдун аткаруучусу — «Орто Азиядан келген жанкечти»

Орусиянын «Интерфакс» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен Санкт-Петербургдун метросундагы террордук чабуулду 23 жаштагы «Орто Азияда туулган адам» жасаганын кабарлады.

Террордук чабуулдун аткаруучусу тууралуу «Интерфакска» укук коргоо органдарындагы маалымат булагы кабарлаган. Агенттиктин кабарчысы менен сүйлөшкөн адам жарылууну өздүгү аныкталган жанкечти жасаганын билдирген.

Петербургдун метросундагы жарылуудан кийин укук коргоо органдары эки кишиге издөө жарыялаган. Видеокамералар тартып калган кара кийимчен киши полицияга өзү келип, күнөөсү жок экенин билдирген.

Жарылуу 3-апрелде күндүз «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда метронун вагонунда болгон. Террордук чабуулдун кесепетинен 10 киши мүрт кетип, 40тан ашуун адам жарадар болгон.

Петербург метросундагы жарылуу: Окуя кандай болгон?

Санкт-Петербургдагы жарылуудан кийин дагы бир жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» метро станциясында табылган, аны сапёрлор зыянсыз абалга алып келген.

Санкт-Петербургдун тергөө комитети «Террордук чабуул» жана «Жардыруучу заттарды даярдоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. 4-апрелден тартып шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.