АФК кубогу: «Дордой» акыркы мүнөттөрдө гол киргизип, «Алайды» утуп кетти

АФК кубогунун топтук баскычынын экинчи айлампасында Бишкектин «Дордой» жана Оштун «Алай» командалары беттешти. Башкалаанын клубунун футболчулары акыркы мүнөттө гол киргизүүгө жетишип, матчтагы жеңишти ээлеп алышты.

АФК кубогунун экинчи айлампасындагы «Дордой» менен «Алайдын» беттешүүсү башкалаанын футболчуларынын жеңиши менен аяктады — 1:0.

Биринчи таймда топко негизинен «Алай» ээлик кылып, талаанын кожоюну болгон «Дордой» көбүнчө атаандашынын сан жетпес чабуулдарынан коргонууга мажбур болду.

Беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө фолдор менен такай кагылышуу көп болду. Оюндун 18-мүнөтүндө Оштун клубунун катары суюла түштү. Орой фолго жол бергени үчүн Муролим Ахмедов талаадан чыгарылды.

Бирок, жоготуу ызасына карабастан, оштуктар тынчып калбай Валерий Кашубанын дарбазасына чабуулун уланта беришти. Антсе да алар олуттуу эч нерсеге жетишкен жок, андыктан командалар таблодогу нөлдөр менен тыныгууга кетишти.

Тыныгуудан кийин командалардын оюну талаанын ортосуна өттү, бирок беттешүүнүн экинчи жарымынын орто ченинде «Дордой» демилгени өз колуна алды. Гол киргизүүгө Алишер Азизов менен Кайрат Жыргалбек уулунун шарты бар эле. Бирок оштук клубдун дарбазачысы бардык соккуларды тосуп чыкты.

Матчтын аягында, 84-мүнөтттө «Дордой» кантсе да эсепти ачканга жетишти. Анатолий Власичевдин бастырмасынан Алишер Азизов башы менен топту атаандаштын дарбазасына жөнөттү — 1:0.

Беттешүүнүн аягына чейин эсеп өзгөргөн жок, «Дордой» оор жеңишке жетишип, топтук баскычта алгачкы үч упай топтоду.

«Дордой» 1 — 0 «Алай»

84’ Алишер Азизов («Дордой»)

«Дордой» менен «Алайдын» ортосундагы беттешүү тарыхта Кыргызстандын клубдарынын ортосундагы алгачкы эл аралык матч болуп калды. Анткени жакындан бери АФК кубогунун эрежелери бир өлкөнүн клубдарына бир тайпада ойноого жол берет.

Бул беттешүү менен жанаша эле «D» тобундагы башка матч да ойнотулду. Түркмөнстанда «Алтын Асыр» менен Дүйшөмбүнүн «Истиклолу» тең чыгышты — 1:1.

Топтук баскычтан чейрек финалга бирден гана команда чыга алат. Экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча «Алтын Асыр» менен «Истиклолдун» 4төн упайы бар, «Дордойдуку» — 3, ал эми Кыргызстандын чемпиону «Алай» азырынча упай топтой элек.

Кийинки да беттешүүнү «Дордой» өз мекенинде өткөрөт, 18-апрелде башкалаанын клубу түркмөндөрдүн «Алтын Асыры» менен ойнойт. Ошол эле күнү Оштун «Алайы» Тажикстанда «Истиклол» менен беттешет.

Сүрөт: Ксения Толканева «Дордой» ФКнын расмий сайты үчүн