ИИМ: БМВнын айдоочусунун айынан Бишкек-Нарын-Торугарт кан жолундагы жол кырсыгында беш киши мерт болду

Милициянын баштапкы маалыматы боюнча, беш киши мерт болгон Бишкек-Нарын-Торугарт трассасындагы жол кырсыгына БМВнын айдоочусу күнөөлүү. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал каршы тилкеге чыгып, «Тойотаны» сүзгөн, андан соң бул эки автоунаага «Мерседес-Бенц» келип урунган.

Чүй облусунун Кемин районунун ИИБи БМВ «белгисиз себептер менен» каршы тилкеге чыгып, андан кийин «Тойота» менен кагылышканын билдирди. Андан соң бул эки автоунаага «Мерседес-Бенц» келип урунган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, автоунаалардын баары чоң ылдамдыкта кетип бараткан.

Катуу соккудан улам «Тойотаны» өрт алып, айдоочу менен эки жүргүнчүсү курман болгон. БМВда айдоочу менен жүргүнчү бар болчу, алар да катуу жаракат алып мүрт кеткен.

«Мерседестин» айдоочусу менен жүргүнчүлөрү ар кандай жаракат алып, үч аял менен үч жашар бала аймактык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер аларды карап чыккандан кийин үйүнө кое беришкен.

Милиция жол кырсыгынын жагдайларын текшерип жатат, экспертизалар дайындалды.

Курман болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси:

«Тойотада» үч киши болгон:

  • Азамат Кененбаев, 1984-жылы туулган, Кемин шаарынын тургуну, курман болду;
  • Мирлан Абдимиталиев, 1987-жылы туулган, Кемин шаарынын тургуну, курман болду;
  • Аскат аттуу жигит, маалымат такталып жатат, Кемин, курман болду.

БМВда эки киши болгон:

  • айдоочу А.Дүйшөнбеков, 1988-жылы туулган, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында туулган, курман болду;
  • аты-жөнү такталып жаткан аял, курман болду.

«Мерседесте» төрт киши болгон:

  • Нурзат Кулжыгачева, 1987-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну ;
  • Асел Кулжыгачева, 1977-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
  • Назира Кулжыгачева, 1979-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
  • Искендер Исаков, 2014-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

Медициналык кароодон кийин жабыркагандар үйүнө коё берилди.

8-апрель күнү кечинде Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 79-чакырымында үч автоунаа кагылышып, анын натыйжасында беш киши курман болгон. «Тойота» толук күйүп кеткен, БМВ калыбына келтиргенге жарабайт.