Балыкчы: 12 мектеп окуучусу баллончодогу газ менен ууланды

Балыкчы шаарындагы № 3-мектепте 12 бала баллончодогу газ менен ууланды. Азыр 11 окуучу ооруканада.

Балыкчы шаарынын мэриясы билдиргендей, 17-апрелде танапис учурунда Канат Абдылдаев атындагы № 3-мектепте белгисиз бирөө баллончодогу газды чачыратып жиберген.

Жабыркагандардын бири Зареманын айтымында, ал танаписке чыкканда бир кызык жытты сезген. Зарема тамагы ооруп, деми кыстыга баштаганын айтты. Окуучу кыз өзүн начар сезип, эсин жоготуп койгон.

Дагы бир кыз эсин жоготуп жыгылган.

Зарема менен дагы 11 окуучу шаардык оорукананын реанимациясына жеткирилген. Кийинки күнү алар кадимки бөлүмгө которулган.

«Кимдир-бирөө газ баллончосун чачыратып коюп качып кеткен деген шек саноо бар. Айрым балдар оор абалда реанимацияга түшүп калыптыр деген имиш бар, бирок андай эмес», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Азыр балдардын абалы канааттандырарлык, алар 18-апрелде чыгарылганы жатат, бирок 11 окуучу ооруканада дагы бир күнгө калтырылды, анткени алар көөнү азып, башы ооруп жатканын айтышкан.

Жабыркагандардын бирөө гана үйүнө чыгарылды, азыр анын абалы дурус.

Мектептеги сабактар кадимки өз ырааты менен өтүп жатат.

Милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Мектеп администрациясынын пикиринде, кайсы бир ээн баш баллончодогу газды чачыратып жиберген.

Сүрөт: Жабыркаган кыз Зарема ооруканада энеси менен. Булагы: «Турмуш»