Азимов Петербургда террордук чабуул уюштурганын моюнга алганын танууда

Колго түшкөн Аброр Азимов Петербургдагы террордук чабуулдун уюштуруучусу болбогонун билдирди. Анын айтымында, ал «террордук чабуулга жардам берип жатканын аңдаган эмес». Азимовдун туугандары анын метродогу жарылууга тиешеси бар экенине ишенишпейт.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Петербургдун метросундагы террордук чабуулдун аткаруучусу деп Аброр Азимовду атады.

Ага дайындалган мамлекеттик адвокат Армен Задоян адегенде анын корголуучусу өз күнөөсүн толук мойнуна алганын айткан. Бирок кийин Азимов өзү террордук чабуулду уюштурууда күнөөлүү эмес экенин билдирди.

«Камакка алынганыма макулмун. Жардырууну даярдоого тиешем бар экенин мойнума алганыма макул эмесмин. Менин катышуум бар, бирок түз эмес. Мен террордук аракетке жардам берип жатканымды түшүнгөн эмесмин. Мага команда берилди, мен ошону аткардым», — деди ал.

РБК басылмасы жазгандай, ал эмне кылганын түшүндүрүүгө сотчу менен тергөөчү жол берген жок. «Биз сизди азыр суракка алып жаткан жокпуз», — деп Азимовдун сөзүн бөлдү сотчу Артур Карпов процесс учурунда.

Ошондон кийин сот Азимовду тергөө бүткүчө 3-июнга чейин камакка алды.

Азимов 17-апрелде Подмосковьенин Одинцово районунда кармалган. Анын жанынан октолгон Макаров тапанчасы жана бир нече чөнтөк телефон менен сим-карта салынган пакет табылган.

Туугандары анын окуяга тиешеси бар экенине ишенишпейт

Азимовдун байкеси менен жеңеси 24.kg маалымат агенттигине Петербургдагы 15 кишинин өмүрүн алган террордук чабуулга Абрордун тиешеси бар экенин ишенбей турганын билдиришти. Алар Азимовду кимдир-бирөөлөр жаманатты кылышы мүмкүн деп эсептешет.

Алардын айтымында, Аброр Орусияда камалгандан кийин Кыргызстандын атайын кызмат өкүлдөрү анын бир тууганы Акрамды Жалал-Абад клиникасынан операциядан кийин алып кетишкен.

Жакындары бир тууган Азимовдор «эч качан дин фанаты болушпаганын» жана мечитке барышпаганын айтышты.

Алардын сөзүнө караганда, 2009-жылы эки бир тууган Украинага кетип, 2013-жылы Орусияга көчүп кетишкен, ошол эле жылы Аброр Азимов кыргыз жарандыгын Орусияныкына алмаштырган.

2014-жылы Аброр Азимов үйлөнгөн. Анын аялы төрөттө жаракат алган баласын дарылатканы анын энесине Кыргызстанга көчүп келген. Туугандарынын айтымында, бала азыр Жалал-Абаддын ооруканасында дарыланып жатат.

«Аброр менен Акрам Подмосковьеде суши-барда иштешчү. Батир жалдап жашашчу. Аялдары болсо Кыргызстанда кайненеси менен турчу», — дешти туугандары.

Абрордун аялы күйөөсүнүн чын эле Түркияда болгонун, бирок Сеулдан келатканда транзит менен болгонун айтты. Ал анын аякта эмне кылып жүргөнүн тактаган жок.

Петербургдун метросундагы жарылуу

Петербургдун метросундагы террордук чабуул 3-апрелде болгон. «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда вагон жарылган. Анын айынан 15 киши мүрт кетип, 50дөн ашуун киши жаракат алган.

Экинчи жардыруучу түзмөк жарылганга чейин «Площадь восстания» станциясында табылып, зыянсыздандырылган. Ал от баскычка окшоштурулуп жасалган.

Террордук чабуул уюштурганы жарылуу учурунда курман болгон Акбаржон Жалиловду да күнөөлөшкөн. Ал Кыргызстанда туулуп, Орусиянын жарандыгын алып, акыркы алты жылда ошол жакта жашаган.

Атайын кызматтардын версиясы боюнча Аброр Азимов Жалиловду «тирүү бомба» катары колдонушу мүмкүн болчу. Укук коргоо органдарындагы маалымат булагы басылмага айтканына караганда, Жалилов террорчу-жанкечти болуп калаарын билбеши деле мүмкүн.

Азырынча террордук чабуул үчүн бир да уюм өзүнө жоопкерчилик ала элек.

Башкы беттеги сүрөт: «Риа Новости». Аброр Азимов Москванын  Басман сотунда


ТЕМА БОЮНЧА: