Өкмөт ички паспорттун жаңы үлгүсүн бекитти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандары үчүн ички паспорттордун жаңы үлгүсүн бекитти. 2017-жылдын декабрь айына чейин жаңы паспорттор кыргызстандыктарга бекер берилет.

Өкмөт Кыргызстандын жарандары үчүн 2017-жылдагы ID картанын жаңы үлгүсүн бекитти.

ID карталарды алууга документтер 1-майдан тарта кабыл алына баштайт. Андан тышкары 2004 жана 1994-жылдарда берилген үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу иштери да жүргүзүлөт.

Паспортторду алмаштыруу иштери 2017-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин бекер жүргүзүлмөкчү. Ал эми шашылыш түрдө паспорт алмаштыруу, же болбосо паспортту жоготуп алган, же бузулуп калган учурларда акы төлөнөт.

Жаңы ID паспорттун ичинде чип орнотулган, анда жарандын биометрикалык маалыматтары жана электрондук-санарип колу (ЭСК) сакталат.

Документте жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган жери жазылбайт — мындай маалыматтар чипте сакталат.

Бул паспорттор менен кыргызстандыктар бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болбой эле мамлекеттик органдардан кызмат ала алат — деп билдирет Мамкаттоонун жетекчилиги.


ТЕМА БОЮНЧА: