Бишкек: Эки окуучуну сүзүп кеткени үчүн айыпталган айдоочу эки айга камакка алынды

Бакаев көчөсүндө эки окуучуну сүзүп кеткени үчүн айыпталып жаткан айдоочу эки айга ТИЗОго камакка алынды. Окуучулардын бирөө дагы эле эсине келе элек.

Кайгуул милициясыын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге Ленин райондук сотунун чечими менен айдоочу камакка алынып, тергөө бүткүчө ТИЗОго киргизилгенин кабарлады.

Кармалган айдоочунун автоунаасы штрафтоктотмого жеткирилди. Тергөө улантылууда.

Жабыркаган балдардын бирөө дагы эле эсине келе элек. Экичи баланын абалы канааттандырарлык, ал өз алдынча тамак жегенге жарап калды.

Интернетте кайрылуу кабыл алынып, анын демилгечилери бийлик өлкөнүн жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылышын талап кылышууда.

Кайрылуунун демилгечилеринин бири Назира Бейшеналиева Kloop.kgге бийлик «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып, ал боюнча маалымат бериши керек экенин айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул долбоор 2006-жылы ишке ашырыла баштаган, аны президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган, бирок эмгиче жыйынтык жок.

«Адамдар баласын мектепке жөнөткөн сайын “Тирүү келээр бекен, эч ким койдуруп кетпес бекен?” - деп сарсанаа болушат. Биз петиция түздүк, анда жакынкы бир нече айда ишке ашырса боло турган так максаттарды койдук», — деди ал.

Анын айтымында, кайрылууга депутат Жанар Акаев көңүл буруп, бул маселени парламенттин талкуусуна койгону жатат.

Окуучуларды сүзүп кеткени

21-апрелде күндүз Бишкекте Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө кара-көк түстөгө «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлүндө бараткан үчүнчү класстын эки окуучусун койдуруп кеткен.

Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кетип, кийинчерээк автоунаасы Селекция айылынын тушунда табылган.

Балдар оор абалда шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.

Окуучулардын бирөөнүн мээси чайпалып, сол колу туюк сынып, ичинен жаракат алган.

Экинчи өспүрүмдүн мээси катуу чайпалып, эки буту тең тизесинен ылдый туюк сынып, моюн омурткасы туюк сынып, ичинен жаракат алып, сол жамбашынын үстүңкү бети урунган.

21-апрель күнү кечинде шектүү неме милицияга күнөөсүн моюнга алып өзү келген. Кармалган айдоочу эки жыл мурун Киркомстром жакта дагы бир эркек кишини сүзүп өлтүргөн болуп чыкты.


ТЕМА БОЮНЧА: