Маммүлк фонду Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык «Караван» дүкөнүн конфискациялады

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин туугандарына таандык «Караван» соода борборун конфискациялады. Башкалаанын мурдагы мэрин сот 33 миллион сомду 2013-жылы коромжу кылган деп айыптаган.

Бишкекте Киев көчөсүндө жайгашкан «Караван» соода борбору мурунку мэрдин кызы Назгүл Түлеева ээлик кылган «Ташболот холдинг» компаниясына таандык болчу.

Борбордун имарат мамлекеттик «Мүлк» ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Азыр Маммүлк фонду ижарачылар менен келишимдерди кайра түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мекеме аларды жаңы кожоюндар менен ижара келишимин түзүү зарылдыгы тууралуу эскерткенин билдирди.

«Эгерде ижарачылардан кимдир-бирөө келишимди кайрадан түзүүдөн баш тартса, алар ижарага алган аянтын бошотууга туура келет, ал болсо өз кезегинде мыйзамга ылайык башка адамдарга өткөрүлүп берилет», — деп билдирди Маммүлк фондунун басма сөз кызматы.

«Сапаткомдун» конфискацияланышы

Мурда 19-апрелде Маммүлк фонду Түлеевдин туугандарына таандык болуп келген «Сапатком» ишкерлик борборун конфискациялаган.

Ишкерлик борборун 200дөн ашуун милиция кызматкерлери курчоого алган. Эртең менен ишкерлик борборуна келген ижарачыларды алар имаратка киргизбей коюшкан.

Кеңселерди ижарага алгандар үчүн бул кадам күтүүсүз болду, алар ишкерлик борборунун администрациясы имарат конфискацияланаарын аларга эскертпегенин айтышты.

Натыйжада ижарачылар кеңселердин 24-апрелде гана алып кетүүгө мажбур болушкан.

Түлеевдин соттолушу

Түлеевдин туугандарынын мүлкүн конфискациялоо 2013-жылдагы соттун чечимине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Ал кезде Нариман Түлеев башкалаа үчүн Кытайдан автобустарды жана кар тазалоочу техниканы сатып алууда мамлекетке ири зыян келтирген деп айыпталган.

Тергөөнүн материалдары боюнча Түлеев мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирген.

2016-жылдын май айында Түлеев коррупция боюнча айыпталып жазасын өтөп жаткан №47 түзөтүү колониясынан бошотулган. Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан болчу.

Мурдагы мэр бир жарым жылдан кийин түрмөдөн чыккан, анткени мунапыска туш болуп, мамлекетке тийгизген зыяны үчүн акчанын бир бөлүгүн төлөп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: