ФКК: Борбор Азияда туулган, терроризм боюнча шектүү 12 киши кармалды

Калининградда Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы террорчулук боюнча шектүү, Борбор Азияда туулган 12 кишини кармады.

Орусиянын ФККсынын расмий өкүлү Наталья Панюшкина кармалгандар «Ислам жихады — моджахеддер жамааты» террор тобуна таандык экенин жана жоочуларды даярдоого тиешеси бар экенин айтты.

Атайын кызматтардын версиясы боюнча, кармалгандар төрт жылча Калининградда жашаган, айрымдарында аскердик операцияларга катышуу тажрыйбасы бар.

Топтун башчысын террорчулук боюнча айыптап Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү издеп жүрүшөт. Атайын кызматтар 32 жаштагы бул адам Сирияда согушкан бандалар менен байланышы бар деп эсептешет.

Кармалгандар каяктан келсе ошол өлкөлөргө депортацияланмакчы, ал жерде алар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Орусияда Борбор Азиядан баргандарды кармоо Петербург метросундагы 3-апрелде болгон террордук чабуулдан кийин башталган.

Орусиянын атайын кызматтары террордук чабуулдун аткаруучусу Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов болгон деп эсептешет.

Алар ошондой эле бир тууган Аброр  жана Акрам Азимовдорду террордук чабуулду уюштурган жана каржылаган деген шектенүү менен кармашкан. Азимовдор да Кыргызстанда туулган.

Метродогу жарылууда 16 киши жан берип, 50дөн ашуун адам жарадар болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: