Улуттук банктын башчысы туристтерди тартыш үчүн нашааны мыйзамдаштырууну сунуш кылды

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөдө «туристтик бейиш» болушу үчүн нашааны мыйзамдаштырууну сунуш кылды.

Абдыгулов нашааны мыйзамдаштыруу тууралуу сунушун 2-майда 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы талкууланып жатканда айтты.

«Туристтер үчүн кантип бейиш кылса болот? Эгер силер андай эле неолибералист болсоңор, анда ушундай бир максаттарды койгула да… Мен бул жакка туристтердин баарын кантип алып келишти билем. Нашааны мыйызамдаштыргыла. Болду. Эч нерсе кылып кереги жок. КМШнын баары силерде пачкалап ушул жерде болот. Мейманканаларда да, дегеле эч жерде орун жетпей калат. Мына максат деген. Силерде болсо канды кызыткыдай эч нерсе жок», — деди ал.

Улуттук банктын төрагасы Кыргызстан азырынча Түркия менен атаандаша албай тургандыгын, ал жакка учак менен жетип барып жети күн бою эс алса болоорун айтты.

Азырынча Абдыгуловдун билдирүүсү тамаша же чын болгонун айтыш кыйын — Улуттук банктын төрагасы нашааны мыйзамдаштыруу жөнүндө айтып жатканда күлүп отурган.

Бул жолугушууда отурган Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов анын мекемеси Кыргызстанды Борбор Азиядагы туризм чордонуна айланткысы келгенин билдирди.

«Биз Борбор Азияда туризм чордону болууну максат кылып жатабыз. Биз ИДӨнүн тутумунда туризмдин үлүшүн 30 пайызга чейин жеткиргибиз келет. Бул багытта бүгүн иш жүрүп жатат», — деди ал.

Улуттук банктын төрагасынын сунушу Туризм департаментинин кызматкерлерине жана эксперттерине багытталган болушу мүмкүн.

Нашаа — кара куурайдан жасала турган психоактивдүү баңгизат. Ал дүйнөдө эң кеңири таралган баңгизаттардын бири болуп эсептелет жана медицинада дары катары колдонулат.

Бүгүнкү күндө нашаа Чилиде, Уругвайда, Ямайкада, Түштүк Африкада жана АКШнын айрым штаттарында толук мыйзамдаштырылган. Ал ошондой эле Европанын айрым мамлекеттеринде да жарым-жартылай мыйзамдашкан.