Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону талкуулап жатат. Депутаттар эмнени өзгөрткүсү келет?

Кыргыз парламентинин депутаттары коомдук талкууда шайлоо жөнүндө мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Президенттик жарыш алдында парламент өкүлдөрү эмнени өзгөрткүсү келет?

Президенттик шайлоого 6 айдан көбүрөөк убакыт калды. Кыргызстан үчүн бул тарыхый шайлоо, анткени бийлик шайланган президенттен кийинки шайланган президентке өткөрүлмөкчү. Парламент шайлоонун жүрүшүнө тиешелүү бир нече жол-жобону өзгөртүүнү сунуш кылууда.

Депутаттар эмнени өзгөрткүсү келет?

Шайлоону 19-ноябрдан 15-октябрга жылдыруу

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов президенттик шайлооу 15-октябрда өткөрүүнү сунуш кылды. Анын пикиринде, эгерде шайлоо эки айлампа менен өтүп кала турган болсо, бул мөөнөт БШК үчүн эң ылайыктуу. Шайлоону эрте өткөрүү Кыргызстандын жаңы президентине 1-декабрга чейин — Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүткөнгө чейин ант берүүгө шарт түзөт.

Шайлоонун күрөөсүн 1 миллион сомдон 2 миллион сомго чейин көтөрүү

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев талапкер шайлоого катышуу үчүн төлөй турган сумманы көбөйтүүнү сунуш кылды. Анын пикиринде, шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 миллион сом эмес, 2 миллион сом болууга тийиш.

Шайлоочулар тизмесин үч сыйра текшерүү

Жээнчороев ошондой эле шайлоочулар тизмесин үч сыйра текшерүүнү сунуш кылууда. Бул идея боюнча Боршайком тизмени үч сыйра — шайлоого 60 күн, 40 күн жана 3 күн калганда текшериши керек. Жыйынтыктоочу тизме добуш бериле турган күнгө 3 күн калганда жарык көрүшү зарыл.

Кат жүзүндөгү маалымдамадан баш тартуу

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоочуларды кат жүзүндө маалымдоодон баш тартууну сунуш кылууда. Анын айтымында, кат жүзүндөгү кулактандыруу көп убакытты алат, андан көрө Интернет, радио жана башка байланыш каражаттары натыйжалуураак иштейт.

Тоо боорундагы саясий жарнаманын мисалы.

Тоо боорундагы үгүткө тыюу салуу

Талкуу учурунда депутаттар аймак аралык кан жолдордун боюндагы тоолордун бетинде үгүт жарнамасын орнотууга тыюу салууну сунуш кылышты. Алардын пикиринде, мындай үгүт андай материалдарды орноткон кишилердин өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн.