«Бетиңди тилип туруп туз менен сээп коем, жалап». Депутат Мусабекова журналист кызды опузалаганбы?

«Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова депутат Жылдыз Мусабекова менен сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазмасын жарыкка чыгарды. Жазма боюнча депутат Анаркулованын сазайын берип, зордуктатам деп коркутканы угулуп турат. Мусабекова өзү андай сүйлөшүү болгонун айтып, бирок жазма «монтаждалганын» кошумчалады.

Анаркулова аудиожазманы 2-майда жарыкка чыгарган — анда бир аял журналист кызга телефон чалып, «Алиби» гезитиндеги анын макаласына байланыштуу коркутуп жатканы угулат. Сүйлөшүп жаткан аял өзүн КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова катары тааныштырган.

Сүйлөшүү учурунда өзүн Мусабекова деп атаган аял Анаркулованы кемсинтип, «бетин көтү менен теңдеп» жана «10 эркектин астына салып берээрин» айтат.

«Бетиңди түздөп коем, эч ким тааныбай калат. Сен мени бүтүндөй гезитке чыгарып оскорблять этип атасың, блядь. Бетиңди түздөп коем. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, шлюхасыңбы, проституткасыңбы, сен кимсиң антип жазгыдай? Сен кимсиң, блядь?» — дейт ал жазмада.

Депутат Жылдыз Мусабекова «Маданияттын эмгек сиңирген ишмери» наамы менен сыйланган.

Урушка Анаркулованын «Алиби» гезитиндеги макаласы себеп болгон, анда журналист Мусабекова Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акиминин «крышасы» экенин жазган.

«Көрүнгөн катын келгенде мен жөнүндө сүйлөгөндө блять ойлонушуң керек болчу, э, Мусабекова деген Ат-Башыдан деп. Сен кимсиң? Сен ойлодуңбу, жазып койсо эле унчукпайт деп? Мен сени эртең барып туруп бетиңди түздөп, туз сээп кетем, жалап, уктуңбу? Сеничи ээ, териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берип туруп кетем. Мен Мусабековамын. Уктуңбу? Билген жериңе жазгының», — дейт аял.

Мусабекова: Сөз болгон, бирок жазма «монтаждалган»

Мусабекова өзү Kloop.kgнин кабарчысына чын эле Анаркулова менен анын макаласы боюнча сүйлөшккөнүн айтты.

Бирок депутат журналист кыздын дарегине айтылган орой сөздөрдү ырастаган да, төгүндөгөн да жок — ал болгону маек «пландалган жана монтаждалган экенин» айтты. Ал жазманын кайсы бөлүгү монтаждалганын тактаган жок.

«Алар мунун баарын абдан кылдаттык менен, жакшылап даярдап туруп чыгарышкан», — деген депутат убактысы жоктугун айтып телефондогу сөзүн токтотту.

«Спутник» басылмасы менен болгон маекте Мусабекова журналистти сотко берээрин айтты.

Анаркулова: Баары кандай болсо ошондой жазылган

Анаркулова өзү Kloop.kg менен болгон маекте анын Мусабекова менен сүйлөшкөн сөзүн жанында отурган башка да журналист кыз укканын, ал анын аныктыгын ырастап бере алаарын айтты.

«Депутат менен сүйлөшкөн сөз кандай болсо ошондой жазылды. Мусабекова чалганда мен фильмдин ачылышында жүргөм. Мени менен кинодо башка журналист кыз, кесиптешим отурган. Ал күбө болуп баарын угуп турган», — деди журналист.

Анаркулова «Фэйсбуктагы»  өз барагында милицияга кайрылып, «калыстык издей турганын» жазды.

«Бул бөлүктө Ж.Мусабекованын коркутуусунун сыпайы гана бөлүгү, кийинки бөлүгү мындан алда канча оор экенин билдирем. Алдыда ага да күбө болосуздар! Айтарым, бул окуя боюнча мен аягына чейин туруп, тиешелүү органдардан жана бийлик бутактарынан адилеттүүлүктү талап кылам!», — деп жазды журналист.

Үпөл Анаркулова бийликтен «калыстык издей турганын» айтууда.

«Маданиятка эмгек сиңирген ишмер»

Жазылган үн социал-демократтардын фракциясында териштирүүгө себеп болуп, анын башчысы Иса Өмүркулов Мусабекова менен сүйлөшүүгө убада берди.

Жылдыз Мусабекова — социал-демократтардан парламентке шайланган депутат, 2015-жылдын аягында мандат алган.

1995-жылдан тартып ар кайсы кыргыз тилдүү басылмаларда журналист болуп иштеп, «Форум» жана «Айат» гезиттеринин башкы редактору болгон. Өз иши үчүн ал ардак баракчалары жана маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген наам менен сыйланган.

Депутаттар кемсинткен буга чейинки окуя 2015-жылдын аягында болгон. Анда мурдагы депутат Акылбек Султанов өзүнө штраф салгысы келип жаткан милиция кызматкерлерин «көтүңөн сигип салам» деп коркутканы видеого тартылып калган.