«Дунган ата-энең башыңды жулуп алсынбы?» Окутуучу студенттерди урушканы

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бирөөндө окуган студент окутуучу аларды үй тапшырма аткарбаганы үчүн урушуп жатканы тартылган видеону жарыкка чыгарды. Ал студенттерди «айбан», «акмак» деп тилдеп, студенттердин бирөөнүн улутуна басым жасайт.

Видео 3-майда жарык көргөн — анда окутуучу аял студенттерди үй тапшырма аткарбай келгени үчүн урушуп, аларды «акмактар» деп тилдейт.

Видеого караганда окуя болгон жер — Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бири. Окутуучу үй тапшырма аткарбаган студенттерге келип, ордунан тургузуп, орой сөздөр менен тилдейт.

«Силер эмне үчүн даярданбайсыңар? Бул деген үй тапшырма. […] Мен чыдап отура бербейм. Силер ким менен байланышканыңарды билбейсиңер, мен силердин жашооңорду ушундай бир кылам дейсиң, көргүлүктү гана көрөсүңөр», — деп кыйкырат окутуучу. 

Студенттердин бирин урушуп жатып окутуучу анын үй-бүлөсүнүн улутуна басым жасайт. Ал анын ата-энесин «бүт Дунганияга» маскара кылаарын айтат.

«Сенин дунган ата-энең башыңды жулуп алышын каалайсыңбы? Сен эмне, мен дунгандарды билбейт деп ойлойсуңбу? Менин күйөөм дунган болот. Мен дунгандар ким экенин эң сонун билем. Каалайсыңбы, мен сага көңүлдүү жашоону көрсөтүп коем, ата-энеңди бүт Дунганияга маскара кылам. Кыргызстанда дунгандар өтө аз. Сен ошону билесиңби? "Мобу дунгандын баласы эшек экен" деген сөз бир эле мүнөттө тарап кетет. Дунгандар ушакташканды жакшы көрүшөт, мен аны эң жакшы билем. Алардын катындары тургай эркектери да ушакчы», — дейт мугалим.

Урушуп бүткөндөн кийин окутуучу студенттерден декандын наамына түшүнүк кат жазууну жана ата-энелеринин телефондорун жазып ага берүүнү талап кылган.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү Kloop.kgнин журналистине бул окуя кайсы жогорку окуу жайында болгону белгисиз экенин, ошондуктан бардык жогорку окуу жайларына кат жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

Катта жогорку окуу жайларынын жетекчилери окутуучулар менен «тартипке зыян келтирбестен, студенттерге карата кесиптик этиканы сактоо» боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек экендиги жазылган.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы окутуучунун орой сөздөрүнө комментарий берген жок.