Кыргызстандыктар азырынча Казакстанда каттоосу жок 30 күн жүрө алышпайт. Эмне үчүн?

Казакстан менен чек арадагы «Кордай» өткөрмө пункту.

Кыргызстандын жарандары Казакстанга киргенде жаңы эрежелерге карабастан алардан мурдагыдай эле миграциялык карта толтуруу талап кылынып, алар каттоого турууга милдеттендирилип жатканы тууралуу арыздана башташты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-апрелде Казакстан менен макулдашууга кол койгон, ал кыргызстандыктар Казакстанда 30 күндөн азыраак жүрсө убактылуу каттоо зарылчылыгын жокко чыгарат.

Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам 25-апрелде күчүнө кирген. Бирок ошол күндөн кийин деле кыргызстандыктар Казакстанда 5 күндөн ашыгыраак жүрмөкчү болсо алардан каттоого туруу жана миграциялык карта толтуруу талап кылынып жатканын айтып, арыздана башташты.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы Kloop.kgге жаңы эрежелер качан жана кантип күчүнө кирээрин, кыргызстандыктар  Казакстанда эмне үчүн макулдашууга чейинки жол-жоболордон өтүп жатышканын түшүндүрдү.

Атамбаев макулдашууну быйыл 17-апрелде эле ратификациялаган. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Макулдашууну Казакстан да колдошу керек

Миграциялык саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Улан Шамшиев макулдашууну экинчи тарап — Казакстандын парламенти менен президенти колдогондон кийин ал күчүнө кирээрин түшүндүрдү.

«Биз макулдашууну ратификацияладык. Биздин президент ага кол койду. Казакстан өз жол-жобосун бүтүрө элек, ошондуктан келишим күчүнө кирди деп эсептелбейт», — деди ал.

Миграциялык кызматтын божомолу боюнча, жаңы эрежелер күчүнө кире турган орточо убакыт — «ашып кетсе бир ай».

«Азыр ал (макулдашуу — редакция) Мажилистин (Казакстандын парламенти) кароосунда турат. Андан соң ал Казакстандын президентине кол коюуга жиберилет», — деди Шамшиев.

Миграциялык карталарды толтуруунун зарылчылыгы болбойт

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы макулдашууга ылайык кыргызстандыктар үчүн миграциялык карта толтуруунун да зарылдыгы болбойт. Бирок ал төмөнкү шартта гана ишке ашат:

– Чек арадан өтүп бараткан кыргызстандык жарандын жанында чет өлкөлүк паспорту болушу керек. Ал документке чек арачылар мөөр басышат;

– Казакстанда жүрө турган убакыт 30 күнгө жетпеши керек, ал эми баруунун максаты катары жумуштан башкасы жарай берет. Мисалы, эгерде эмгек мигранты Казакстанга иш издеп барса, ал ушундай эле каттоосуз 30 күн жүрө алат, бирок миграциялык карта толтурушу керек болот.

Каттоо эрежелери

Эки өлкөнүн жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтү жөнүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы макулдашууга 2012-жылы эле кол коюлган. Ага ылайык, кыргызстандыктар Казакстанда 5 күн жүргөн соң милдеттүү каттоого турушу керек, ошол эле учурда казакстандыктар Кыргызстанга 30 күнгө каттоого турбастан келе берсе болот.

Кийин эки өлкө 2016-жылдын 17-октябрында каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашкан. Жаңы эрежелер боюнча Кыргызстан менен Казакстандын жарандары коңшулаш өлкөнүн аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Кыргызстан бул макулдашууну 2017-жылдын 17-апрелинде ратификациялаган, Казакстан болсо азырынча кол кое элек.