Аюу айылында көчкү алдында калгандарды издөө токтотулду

Кыргызстандын ӨКМи Аюу айылындагы жер көчкү түшкөн жакта издөө иштерин токтотту. Көчкүнүн астыда дагы эле 16 киши калууда, дагы 8 кишинин сөөгү табылып, туугандарына берилди.

Көчкүнүн алдында калган 16 киши үчүн алар жаткан жер көрүстөн болуп калат. Кыргызстандын диний аалымдар кеңеши бул адамдардын жаназасын окутуу жөнүндө чечим чыгарды.

Туугандарынын уруксаты менен ӨКМ алардын сөөгүн издебей турган болду.

Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу кыштагына 29-апрелде 1 миллион куб метр көчкү түшкөн. Топурактын зор массасы 11 үйдү басып калган, алардын алтоондо киши бар болчу.

Көчкүнүн алдында алты үй-бүлөдөн 24 киши калган. Издөө иштеринин жүрүшүндө сегиз кишинин, анын ичинде жашы жете элек үчөөнүн өлүгү табылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер көчкү түшөөрдөн бир күн мурда айылда болуп, анын тургундарын кетүүгө чакырышканын айтып жатышат. Алар апрелдин башында көчүрүлгөн, бирок айрым үй-бүлөлөр кайра үйлөрүнө кирип алышкан.

Кыргызстандын жетекчилиги маркумдардын туугандарына 100 миң сомдон акча бөлүп берди.

Аюу айылы – Өзгөндөгү жер көчкү коркунучу бар жалгыз жер эмес. Бул чөлкөмдө көп учурда сел жүрүп, жер көчкү түшүп, анын айынан кээде кишилер өлүп турат.

Мисалы, апрелдин ортосунда Шамал-Терек айылында жер көчкү эки үйдү басып калып, бир киши көз жумган. Марттын аягында Ничке-Сай айылында алты кишиден турган үй-бүлө кырылып калган.

Жалпак-Таш айылында 1-майда бактыга жараша эч ким мерт болгон эмес – анда жер көчкү 11 үйдү басып калган эле. Айыл тургундары өз убагында көчүрүлгөн.

Жер көчкүлөрдүн себептери катары жаан-чачындын көптүгү жана жер титирөөнүн тез-тезден болгону айтылууда.