Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөөлөр уланууда

Кыргыз-тажик чек арасында үч күн катары менен жер титиреп, үйлөрдү авариялык абалда калтырууда. 700дөн ашуун адам чатырларда жашаганга аргасыз.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Каримов Kloop.kg менен болгон маекте бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта 6,5 баллдык жер титирөөлөр болуп өткөнүн билдирди.

Каримовдун айтымында, жер титирөөлөр бир нече күндөн бери болуп жаткандыктан бийлик адамдарды чатырларга жайгаштырып жатат.

Азыр 309 үй-бүлө чатырларга көчүрүлдү.

«Изилдөө боюнча иш-чаралар да өткөрүлүп жатат. Канча үй авариялык абалда экени кечке жуук билинип калат», — дейт Каримов.

Комиссия буга чейин авариялык абалдагы 72 имаратты таап чыкты, алардын алтоо — социалдык объектилер.

Сүрөт: ӨКМ