Тажикстан: «Өлбөс полк» тыюуга карабастан Дүйшөмбүдө басып өттү

Үч жүздөй дүйшөмбүлүк Улуу Ата Мекендик согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн алып Тажикстандын башкалаасынан басып өттү. Мурда бийлик «исламга карама-каршы келишинен улам» «Өлбөс полктун» акцияларына тыюу салган.

«Өлбөс полк» 9-майга карата бекитилген иш-чаралардын тизмесине кирген жок, бирок Дүйшөмбүнүн тургундары баары бир акцияны өткөрүштү.

Алар шаардын борборук көчөлөрүндө басып өтүштү. Уюштуруучулардын айтымында, алар уруксат ала албай коюшкан, бирок «аталарынын элесине урмат көрсөтүш үчүн» көчөгө чыгышкан.

Бир күн мурун, 8-майда, Дүйшөмбүдө совет элинин фашизмди жеңип чыгышына арналган «Эстутум күнү» өткөрүлгөн. Иш-чарага ардагерлер, элчиликтердин кызматкерлери жана жергиликтүү мектептердин окуучулары чакырылган.

«Өлбөс полктун» акцияларын тыюу жөнүндө тажик ЖМКлары 5-майда билдирди.

«Курман болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп көчөгө чыгууга болбойт. Андан тышкары, Тажикстан менен Ооганстандн чек арасындагы согуш кошумча акцияларды өткөрүүгө жол бербейт», — деп айтылган тажик бийлигинин расмий билдирүүсүндө.