Кыргызстан санариптик берүүгө өттү

Бүгүнкү күндөн тартып Кыргызстандын калкынын 95 пайызы санариптик берүүгө өттү. Аналог телекөрсөтүүсү керектүү жабдуу орнотулганга чейин 326 калктуу конушта гана калат.

Бүгүн, 15-майда, Кыргызстан телекөрсөтүүнүн жаңы, санариптик форматына дээрлик толугу менен өттү.

Өкмөт ушу тапта бүт өлкө боюнча 54 санариптик өткөрмө орнотту, алар калктын 95 пайызын санариптик сыналгы менен камсыз кылышат.

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдиргендей, калктын 5 пайызы (300 миңден ашуун кыргызстандыктар) аналогдук көрсөтүүдө калышууда.

«Негизинен ал тоолордун капчыгайларында жана ойдуңдарда жайгашкан калктуу конуштар. Графикке ылайык бул калктуу конуштарды санариптик телекөрсөтүүгө кошуу боюнча тиешелүү иш жүрүп жатат, жабдуу орнотулууда», — деди Шаршембиев.

Санариптик телекөрсөтүүгө кошулуунун картасы. Сүрөт: Сайт sanarip.kg.

Өкмөт былтыр эле санариптик өрсөтүүнүн социалдык пакетин түзүп койгон.

Ага негизинен кыргыз телеканалдары — КТРКга кирген беш телеканал, «Илим жана билим берүү» кичи каналы менен кошо ЭлТР, «Мир», «Бешинчи канал» жана «Пирамида» кирет.

Санариптик телекөрсөтүүнүн аналогдукунан башкы артыкчылыгы — телекөрүүчүнүн көргөнү жана укканы алда канча даана болот.

Аналог сигналдарына тыштан таасир этүү оңой болсо, санариптик берүүнүн шартында ал тургай тоолуу райондорго да сапаттуу көрсөтүү тартууласа болот.

Ошондой эле, санариптик көрсөтүүнүн шарапаты менен, өлкөдө каналдар бир топ көбөйүшү мүмкүн: санариптик берүү сыналгы түйүнүн кыйла кеңейтет.

Сыналгы санариптик сигналды кабыл алышы үчүн кыргызстандыктар дециметрлик антенна жана кошмо кабылдагыч сатып алышы керек. Эгерде сыналгыда кошулган кабылдагыч бар болсо эч нерсе сатып алып кереги жок.

Сигналды кабыл алуучу жабдуу бир жарым миң сомдон беш миң сомго чейин турат.

Эгерде санариптик берүүгө өтүү боюнча сурооңор болсо sanarip.kg сайтына киргиле.


ТЕМА БОЮНЧА:

Санарип ТВга өтүү: Аналогдук берүүлөр 2017-жылдын майында өчүрүлөт