Оштун паркында тегеретме кулап кетип, сегиз киши жабыркады

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы паркта тегеретме кулап кетип, сегиз киши жабыркады. Үчөө ооруканага жаткырылды, жабыркагандардын бирөөнүн абалы дагы эле оор.

Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Саяк Абдурахманов Kloop.kgге тегеретме кулаганда сегиз киши жабыркаганын билдирди.

«Алар ар кандай жаракат алышкан, бирок дээрлик баары үйгө коё берилген. Үчөө ооруканага жаткырылды, азыр алар ооруканада», — деди ал.

Жабыркагандардын бирөөнүн абалы дагы эле оор деп эсептелүүдө.

Дарыгер Эркин Абдувалиевдин айтымында, жабыркаган кыз ооруканага жаткырылгандан бери реанимацияда эмгиче эсине келе албай жатат.

Милиция кызматкерлери Ош шаарынын Навои паркынын аттракциону кулаганы боюнча текшерүүнү башташты. Азыр окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Аттракцион кулаганын 14-май күнү кечинде журналист Хулкар Исамова кабарлаган.

«Көргөндөрдүн айтымында тегеретмеде 10дон ашык киши отурган. Жакын жерде милиция кызматкерлери жүргөн экен, алар жабыркагандарга дароо жардам бере баштаган. Тегеретмени көтөрүп, анын астында калгандарды чыгарганга дагы бир топ киши жардам берди», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» барагында.