Каруселдин кулашына ким жоопкерчилик алат?

Оштогу Навои паркында карусель кулап, сегиз киши жабыркады. Каруселден кулагандардын биринин абалы оор бойдон калууда.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгоду. Бирок кырсыкка жооптуу катары азырынча бир да адамдын аты атала элек.

Кечээ Ош шаарынын Навои сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, сегиз адам жабыркаган. Алардын үчөө учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатышат.

Кылычбек Мамашарипов

Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орунбасары Кылычбек Мамашариповдун айтымында, бир оорулуу дагы деле жандандыруу бөлүмүндө жатат.

- Карусель кырсыгынан биздин ооруканага жалпысынан сегиз адам түшкөн. Алардын бешөө амбулатордук жардам алып, үйлөрүнө чыгып кетишти. Калган үч адамдын бири азыр да жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анткени жарааты оор. Дагы эки жабырлануучу жалпы палатада дарыланышууда. Алардын абалдары орто.

Замир Сыдыков

Каруселдин кулашы боюнча Ош шаардык милициясы "техникалык каражаттарды колдонуу эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

- Ал факт боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чаралары ким эмнеге жооптуу экенин аныктайт. Карусель кырсыгына тиешеси бар адамдардын баарынын аракетине юридикалык баа берилет. Менин оюмча бул ишти тергөө иши узакка созулушу мүмкүн. Азырынча Ош шаардык милициясы буга окшогон башка кырсыктарды алдын алуу сунушун жергиликтүү бийликке да жолдоду.

Бул арада шаардагы ар кайсы кызматтар карусель кырсыгына тиешеси жоктугун азыртадан айтып чыгышты. Маселен, мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын орун басары Курбанбубу Раимова каруселдердин жарактуулугун текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди.

- Биз эс алуу бактарындагы аттракциондордун техникалык абалын көзөмөлдөбөйбүз. Биз дарактар кыйылып кетпесин, тазалык сакталсын, мыйзамсыз иштер болуп кетпесин деп карайбыз. Ал эми темир-тезек, аттракциондорду коюу биздин милдетибизге кирбейт. Бул боюнча 2015-жылы "Кооптуу өнөр жай объекттеринин коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына ылайык аттракциондор биздин функцияга кирбейт деп биз мэрияга кат жибергенбиз. Азырынча аттракциондордун жарактуулугун бир дагы мамлекеттик орган көзөмөлдөбөйт.

Мирлан Исраилов

Навои багындагы төрт гектар жерди бардык аттракциондору менен беш жылга 5 миллион сомго Улан Каримбаев аттуу жеке ишкер ижарага алган. Бирок Каримбаев азырынча бул окуя боюнча пикирин айта элек.

Бул арада Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов ижарадагы бакта болгон окуяларга ишкер өзү жооптуу экенин айтты.

- Навои паркы “Балдар келечеги” деп аталган жоопкерчилиги чектелген ишканага беш жылга ижарага берилген. Ал ишкананын кожоюну Бишкек шаарынын тургуну Улан Каримбаев деген жаран. Акыркы келишим 2016-жылдан 2021-жылга чейин түзүлгөн. Ижарага берилген төрт гектар жердин ичинде эски жана жаңы бир нече аттракцион бар. Келишимде булар ар бир аттракционду тиешелүү адистердин жарактуу деген корутундусун алып, анан иштетүүгө милдеттүү болушкан.

Навои багында эс алып жүргөн тургундардын бири Сейил бактагы кырсыктан кийин кооптонуп калганын айтат.

- Эл ташыган автобустарды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүшөт. Аны милициялар көзөмөлдөшөт. Бул деле элди тейлеген кооптуу ишкана да. Мунун техникалык жарактуулугун эмне үчүн эч ким көзөмөлдөбөйт? Бул жерде майрам сайын энелер, тайнелер, апалар, балдар эс алышат. Алардын коопссуздугуна эч ким кам көрбөйбү? Буга деле акчасын төлөп жатабыз го.

Ош шаарында Навои жана Токтогул эс алуу бактарында гана ири аттракциондор бар. Алардын баары Ош шаардык мэриясынын менчиги деп эсептелет. Бирок алардын так санын, кайсы аттракциондун канча жылдан бери иштеп жатканын мэрияда так билген киши жок. Кечээ кырсыктаган аттракцион болсо Союз маалынан бери колдонулуп келатканы айтылууда.