Тоскоолдогу балдардын ууланышынын себептери дале белгисиз

Жалал-Абад облусунун Тоскоол айылындагы мектеп окуучуларынын массалык түрдө ууланышынын себептери дале аныктала элек. Мурда Мамсанэпидкөзөмөл мектептеги суу менен тамак-аштын пробаланын изилдеп чыгышып, ууланууга алар себеп болуп калышы мүмкүн эмес экенин айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги азыр балдардын ичинен жуулуп алынган суунун изилденишинин натыйжаларын күтүп жатат.

Ооруканада учурда алты окуучу калган, алардын абалдары канааттандыраарлык. Калгандары ооруканадан чыгышкан.

«Бизде уулануу болду деп айтканга негиз жок. Так диагноз коюлган эмес. Балким аларга ысык өтүп кеткен болушу мүмкүн. […] Кайра ооруканага жаткыруу учурлары болгон эмес», — деген парламентте саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин.

Уулануу белгилери менен 12-май күнү ооруканага 31 бала кайрылып, алардын 29у жаткырылган. Балдардын баары Тоскоол айылындагы мектептин 1-11-класстарынын окуучулары болгон.

Мамсанэпидкөзөмөл Тоскоол-Ата дайрасынын жана Масы айылындагы кудуктун суусун изилдеп чыгып, суунун таза экенине бүтүм чыгарган. Мектеп ашканасынын тамактары да текшерилип, таза болуп чыккан.

Ата-энелердин айтымдарында, балдар үйдө ууланып калышы мүмкүн эмес эле, анткени акыркы бир канча күндөн бери кадимкидей эле үйдөгү азык-түлүк, мөмө-жемиш жана суусундуктар менен тамактанып жүрүшкөн.

Жагдайды териштирүү үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Гориндин жетекчилиги астында комиссия түзүлгөн.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: