Бишкекте Филармониянын жанындагы түшмөк жөө кишилер үчүн жарым-жартылай ачылды

Филармониянын жанындагы түшмөктүн бир тарабы жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылды. Түшмөк оңдоого жабылган соң адамдар өмүрүн тобокелге салып чоң жолдон өтө башташкан.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Филармониянын жанындагы борбордук проспекттердин кесилишинде түшмөктүн бир тарабы ачылганын билдирди.

Анын айтымында, кайгуул милициясы бул кесилиште жол кырсыгынын коркунучун азайтыш үчүн ушундай чечим кабыл алды.

Мурда шаар администрациясы Филармониянын жанындагы түшмөктү жаап, бирок утурумдук жөө кыя салууну караштырган эмес.

Шаардын жетекчилиги жөө кишилерде коңшулаш көчөлөрдөгү «ала чыйырлардан» өтүүнү суранган. Бирок адамдар так эле машинелердин бет алдында чоң жолдон чуркап өтө баштаган.

Түшмөктү башынан оңдоо сентябрдын башына чейин созулат.


ТЕМА БОЮНЧА: