Карта: Орусиянын патриархынын сапарына байланыштуу Бишкекте он көчө убактылуу жабылат

Көчөлөр 27-синен 29-майга чейин жабылат. Орусиянын патриархы чиркөөнү ыйыкташ үчүн жана муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушууга келген.

Орусиянын патриархы Кирилл чоң чиркөөнү ыйыктап, президент Алмазбек Атамбаев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушат.

РИА Новостиге патриархтын басма сөз борборунан кабарлагандай, Бишкектеги Ыйык Воскресенск чиркөөсүндө ыйыктоо жана сыйынуу 28-майда өтөт.

Ошол эле күнү ыйык князь Владимир чиркөөсүнүн алдындагы православ гимназиясынын курулушуна эстелик ташын ыйыктоо иши болот.

Патриарх Кириллдин сапарына байланыштуу Бишкекте төмөнкү жолдор үч күнгө жабылат:
  • «Манас» аэропортунан Бишкекке чейин;
  • Фучика көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;
  • Жибек Жолу Фучика көчөсүнөн тарта Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Жаш Гвардия Жибек Жолунан Чүй проспектине чейин;
  • Чүй Жаш Гвардиядан Манас проспектине чейин;
  • Манас жана Чыңгыз Айтматова проспекттери Чүйдөн мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Чүй Манас проспектинен Ибраимов көчөсүнө чейин;
  • Тоголок Молдо көчөсү Чүйдөн Ташкент көчөсүнө чейин;
  • Киев көчөсү Манас проспектинен Ибраимовго чейин;
  • Масалиев жана Токомбаев көчөлөрү Чыңгыз Айтматовдон Нуркамал көчөсүнө чейин.