Парламент президенттик шайлоону 15-октябрга жылдырды

Парламент депутаттары президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшүн колдоп добуш беришти. Эми бул датаны президент Алмазбек Атамбаев бекитиши керек.

Парламент «Президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты. Аларды 106 депутат колдоп, тогузу каршы чыкты. Түзөтүүлөргө ылайык президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшү керек.

Шайлоо 15-октябрда өтөөрүн Атамбаев өзү да Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн майрамдап жатканда айткан, бирок анда парламент бул датаны биротоло беките элек болчу.

Мурда президент менен Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун датасы катары 19-ноябрды белгилешкен. Анда да ал Жогорку Кеңеште расмий бекитилген эмес.

Ошондон кийин президенттик шайлоо өтө турган күн боюнча талаш-тартыштар башталган. Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясы шайлоону быйыл августта өткөрүүнү сунуш кылган.

Партиянын юристтеринин пикиринде, шайлоодон кийинки жол-жоболор 53 күнгө созулушу мүмкүн. Эгерде шайлоо ноябрдын аягында өтсө, Атамбаев өз кызматын экинчи декабрда тапшырууга мажбур болсо, өлкө 40 күн бою президенти жок калышы мүмкүн.

Президентчил КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуш кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: