Бабакулов: «Мен көйгөйдү жараткан жокмун, көрсөтүп бердим»

Жогорку Кеңештин 1-июндагы отурумунда бир катар депутаттар улут аралык кастыкты козуткан жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө сөз кылышып, андайларды жарандыктан чыгарууну да сунуш кылышты. Эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгына журналист Улугбек Бабакуловдун «Фергана» басылмасына чыккан макаласы түрткү болгон.

Маектин түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

«Азаттык» Бабакуловго суроо узатып, депутаттардын айткандары боюнча кандай ойдо экенин билип көргөн.

Сизди жарандыктан чыгаруу боюнча депутаттардын демилгесине кандай көз караштасыз?

Бабакулов: Кандай көз карашта болмок элем? Албетте, терс! Чын-чынында алар көйгөйдү оорулуу баштан дени сак башка ыргытып атышат. Мен көйгөйдү көрсөтүп бердим, жараткан жокмун. Көйгөй болгон, ал бар. Бирок аны кароонун ордуна, айтылган сөздүн маңызына жетпей эле, алар мага чап жабышып алышты. Бул, мисалы дарыгер бейтаптын илдетин аныктап диагноз койсо, анын туугандары «эмнеге сен аны оорулуу деп атасың?» дегендей эле сөз.

Бир нече ай мурда коомдук желелерде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери сизге көз салып, кызыгып жүргөнү тууралуу жаздыңыз эле. Азыркы күндө коркуткан жокпу, сизге көз салбай элеби?

Бабакулов: Менимче, бул мартта болсо керек эле. Мен Чүй ИИБине ишти териштирүү өтүнүчү менен кайрылып, алар мага келишкен. Тилекке каршы, жооп болгон деле жок. Мени аңдып атышабы? Мен бул суроого так жооп бере албайм, алар бир топ абайлап иштей башташты. Бирок жубайым менен балдарымдын айтымында, адамдар машина менен келишип, үйдү сүрөткө тартып кетишиптир. Бирөөнүн үйүн эмнеге сүрөткө тартмак эле?

Түз коркутуулар болду беле?

Бабакулов: Түз коркутуулар коомдук желелерде болуп турат, кыргыз тилдүү басылмаларда кемсинтишет. Жеке кат менен жазып турушат. Балким, «мени кире кетет» деп коркуп атышкандыр.

Сизге бул макаланы жазганга эмне түрткү болду эле?

Бабакулов: «Фэйсбук», «Одноклассники» коомдук желелерине баш багып көрүңүз. Кандайдыр бир түшүнүксүз адам пост жазып коюптур, анын астында болсо ой-пикирлер жазылыптыр. Ал жерде чакырыктар бар эле, айрымдары гана адамдарды токтоолуукка чакырышкан.

Ушундай нерселерди аныктап, убагында алдын алыш керек. Мен ошого көңүл бурдурдум.

Сиз бул маселе боюнча атайын кызматтарга расмий түрдө кайрылдыңыз беле?

Бабакулов: Атайын кызматтарга кайрылыш керек болгон деп ойлобойм. Ооба, мен кесиптештерим менен ошол жазылгандар боюнча арыз жазууну пландап жатканбыз. Бирок бул жерде толкун башталып кетти. Мен түштүктө болчумун, жолдо кайтып келатканымда бул жерде коркунучтуу окуя башталып кетти. Мен арыз бергенге үлгүрбөй калдым. Азыр эми баарына таң калуу менен карап калдым. Бул деген келесоолук.

Ушундай темаларда мындан ары да жазуу ниетиңиз барбы?

Бабакулов: Дал ушундай темаларда эмес. Менин өлкөбүздүн жашоосундагы кайсы чөйрөдө болбосун көйгөйлүү жактарын ачык көрсөтүп жазуу ниетим бар. Бийлик көңүл бурушу керек болгон социалдык, экономикалык жана башка көйгөйлөр бар. Бул макалада болсо мен улут аралык мамилелер чөйрөсүнө көңүл бурушун гана айттым. Мен курч темаларды көтөрө бермекчимин. Бул журналистика.

Макала ушундай реакцияны пайда кылат деп ойлодуңуз беле?

Бабакулов: Жок, албетте. Мен көрсөткөн коомдук желелердеги жазууларга көңүл бурат деп ойлогом.

Ушул ызы-чуудан кийин өз макалаңызды кайрадан окуп, анализдеп чыктыңызбы?

Бабакулов: Чыгаруудан мурда мен көп жолу окуп, ар бир сөздү чындыкка дал келтирем. Эмне болгондо да ал үчүн жооп беришим керек да!

Кандайдыр бир аянтчада ошол демилгени айтып чыккан депутаттар менен талкууга чыгуу ниетиңиз барбы?

Бабакулов: Мен, негизи, алар менен талкууга даярмын, өзүмдүн ак экенимди далилдөөгө, алардыкы эмнеге туура эмес экенин көрсөтүүгө даярмын…

Бирок алардын реакциясына карап алар макаланы окуп түшүнбөгөнүн көрүп турам. Эгер окушкан болсо, анда алар маңызын түшүнүшкөн жок. Ал эми окушкан эмес болсо, анда башкалардын сөзүнө карап эле бүтүм чыгарып коюшкан.


ТЕМА БОЮНЧА: