Бишкек: Токтоналиев көчөсүнүн тургундары мэрияны сотко берет

Бактардын кыйылышына каршы 2-июнда өткөн акцияда кармалган Токтоналиев көчөсүнүн тургундары Бишкек мэриясын сотко берет. Алар тынчтык митингинде кармалышын мыйзамсыз болгон деп эсептеп, бактардын кыйылышы коомдук талкууда макулдашылбаганын айтып жатышат.

Демилгечи топтун өкүлү Яна Алиева кабарлагандай, алар мэриянын аракеттерине каршы арыз жазып, Башкы прокуратурага беришкен.

«Башкы прокуратурадан укуктук баа алгандан кийин биз сотко доо арыз менен кайрылабыз», — деди ал.

«Шаардык демилгелер» уюмунун өкүлү Раушанна Саркееванын айтымында, активисттер шаардагы кайсы гана бак-дарактын кыйылышы болбосун коомдук талкуулардан кийин ишке ашышын талап кылып жатышат.

«Мэрия айткандай, бул кыйкырык жана чагым болбойт. Эгерде биз мунун баарын адистердин жана модератордун катышуусу менен талкуулап, бир мунасага келе турган болсок, биз эмне үчүн бакырып-чакырышыбыз керек», — деди ал.

Саркееванын айтымында, Бишкектеги Токтоналиев көчөсүнүн кеңейтилиши коомдук талкууга алып чыгарылган эмес. Ошондой эле, анын кошумчалашынча, жолдун кеңейтилиши менен «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү» мыйзамдар жана Жер кодекси бузулган.

«Бардык жагдайларды териштиргенге чейин кайра өзгөртө албай турган нерселерди кылбай турууну көздөп атканбыз. Жаңылыштык менен кыйган бактарды кайра жармаштырып коё албайбыз го», — деди Саркеева.

«Арча» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкиндин билдиришинче, нааразылык акциясы — жолду кеңейтиш үчүн ден сак бак-дарактардын кыйылышына реакция көрсөтүү болгон.

«Жолдордун көйгөйүн бак-дарактардын эсебинен чечүүгө болбойт. Шаарыбызда бактарсыз жашоо өтө кооптуу болуп калат», — деди ал.

Ветошкиндин айтымында, жолдорду бошотуш үчүн машина токтотуучу жайларды ойлоп таап, аларды жердин астында же көп кабаттуу кылып куруш керек.

Юрист Владимир Лесниченконун билдиришинче, акция тынч өткөн, активисттер көчөгө чыгышып, бактардын кыйылышын токтотууну өтүнүшкөн, андан кийин бак-дарактарды кучактап алышкан. Алар эч кимди коркутушкан эмес жана коомдук тартипти бузган эмес.

«Көрүп турганыбыздай, натыйжа аянычтуу: бактар жок кылынды, активисттерди кармап кетишип, "Жол тосуу" жана "Бийлик өкүлүнө моюн сунбоо" беренелери боюнча айыпташты. Бирок ошол убакта жол эбак эле оңдоо иштерине байланыштуу жабык болчу! Активисттер мыйзам бузган жок, бул тынчтык митинги болчу», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: