Бишкек: Депутаттын сынынан кийин «Дельфиндин» жанындагы жөө чыйыр оңдолот

Бишкек мэриясы билдиргендей, «Дельфин» бассейнинин жанындагы жөө чыйыр оңдолот. Бул бир жыл өтпөй жатып жолдун бузулуп калганын айтып чыккан депутат Жанар Акаевдин сынынан кийин болууда.

Мэриянын басма сөз борборунан кабарлашкандай, Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги жөө чыйырды «Дельфин» бассейнинин жанындагы имараттын ээси оңдойт.

Депутат Жанар Акаев жөө чыйырдын бузулуп жатканына көңүл бургандан кийин мэриядан жумушчу комиссия түзүлгөн.

Комиссия аныктап чыккандай, жөө чыйыр чындыгында бузулуп, начар абалда турат.

Адистердин пикиринде, чыйыр бассейндин жанындагы курулуш аянтына келген оор жүк ташуучу унаалардын айынан бузулуп кеткен.

Курулуш жүрүп жаткан имараттын ээси жакынкы аралыкта жөө чыйырды оңдоого убада берди.

Учурда бул маселени Ленин райондук администрациясы көзөмөлдөөдө.