Чөгөлөтүп кечирим суроо: Нарындагы чет элдик студенттер боюнча кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги Нарындагы чет элдик студенттер менен байланышкан абал боюнча иликтөө ишин баштады. Нарында адамдар 8-июнда Борбордук Азия университетинин студенттерин чөгөлөтүп кечирим сураткан болчу.

ИИМ университеттин администрациясы менен студенттерин тизе бүгүп кечирим сураткан жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти бузганы үчүн «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Университет имаратынын ичиндеги милиционерлер абалды жөнгө сала албай коюшкан. ИИМден кабарлашкандай, ошол милиционерлерге карата кызматтык иликтөө иштери башталган.

Баскетбол боюнча чырга тиешеси бар БАУнун студенттерине карата кандай чара колдонулаары азырынча белгисиз.

Нарындын бир нече тургуну 8-июнда БАУнун имаратынын алдында 27-майдагы баскетбол мелдешинен кийин чыккан чырга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Окуу жайдын администрациясы абалды талкуулаш үчүн митингчилерди ичкериге киргизген. Бирок жергиликтүү тургундар БАУнун Тажикстандан келген студенттерин Нарындын өспүрүм балдарын сабаганын айтып күнөөлөшкөн.

Нааразы болгондор билдиргендей, сабагандардын бири да жазасын алган эмес, ошондуктан чөгөлөп кечирим суроого мажбурлашкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов чогулгандарды маселени «маданияттуу» түрдө чечүүгө чакырган, бирок митингчилер ага кулак салышкан эмес.

Натыйжада бир нече мугалим менен студент тизе бүгүп болгон окуя үчүн кечирим сурашкан.

БАУнун гуманитардык жана так илимдер бөлүмүнүн деканы Диана Фаунанын айтымында, университет жергиликтүү окуу жайлар жана Нарындын жаштары менен тыгыз түрдө кызматташууга аракет кылат.

«Бул бизге аябай жакшы сабак болду, келечекте мамилебиз бекем болот деп ойлойм», — деген ал.