Илим Карыпбеков: «Мен Нарынданмын жана кечирип коюшуңарды өтүнөм…»

Нарындын жашоочулары Борбордук Азия университетинин студенттерин баскетбол мелдешинде чыккан чырдан улам чөгөлөтүп кечирим суратышты. Жергиликтүү бийлик аларды токтото алган жок. КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков БАУнун студенттеринен жана алардын мугалимдеринен нарындыктардын кылганы үчүн кечирим сурады.

«Пикир» рубрикасына чыккан макала автордун жеке көз карашын билдирет. Илим Карыпбековдун «Фэйсбук» барагында жарык көргөн макаланын кыскартылган котормосу.

Супер университет!

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков.

Кечээ узап бараткан күн тартуулаган жагымдуу таасирлерден улам көпкө чейин уктай албай койдум. Нарын шаарына барып, Улуу Урматтуу Ага Хан өнүктүрүү фондунун колдоосу жана демилгеси менен түптөлгөн Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып келүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Университетти шөкөттүү деп эле коюу — бул эч нерсе дебей койгон менен барабар. Заманбап технологиялар, илимдин, техниканын жана заманбап архитектуранын заманбап жетишкендиктерин эске алуу менен салынган. Жасалгасынын үстүнөн чет өлкөлүк жана биздин, кыргыздардын эң мыкты сүрөтчүлөрү менен дизайнерлери иштешкен.

Университет студенттеринин, мугалимдеринин жана кызматкерлеринин жашоо шарттары дүйнөдөгү мыкты университеттердегидей!

Дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген мугалимдер, анын ичинде биздин, кыргыздардын мугалимдери да англис тилинде таптаза жана туура сүйлөшөт.

Университеттин ичинде кыргыз, англис жана орус тилдери колдонулат! Университеттин ичиндеги аура кандайдыр бир кайталангыс, бөтөнчө… кандай десем, биздеги кадыресе шарттарга окшобойт: ачык, жеңил, таза, тыкан.

Баары окуу, иштөө, жаратуу жана жашоого кубануу үчүн түзүлгөн. Тейлеген кызматкерлер кынтыксыз: тартиптүү ашпозчулар, дүйнөдөгү менмин деген мейманканалардагыдай абдан жакшы кийинишкен кызматчылар, баары стерилизацияланган, ак кол капчан. Мени өзгөчө кубандырганы, алардын жергиликтүү, Нарындан экени. Окутуудан өтүшкөн, жылмайып турушат, ачык жана жүздөрү жылуу!

Өзүмчө ойлоно кеттим: алар кандай азаматтар, окутуудан өтүштү, маектешүүдөн өтүштү, жумушка кабыл алыншты. Жакшы иштеп табышат, үй-бүлөлөрүн багып жатышат, туугандарын тартып, жардам берип жатышат.

Заманбап авангард форматындагы ички жасалгасы кандайдыр бир салттык, азия маданияты, тарыхы европа авангарды менен айкалыштырылган. Алдыңкы техникалар, көпчүлүгүн мен дегеле биринчи жолу көрүп атышым.

Ал эми студенттеричи! Студенттер — өзүнчө тема! Ар кайсы мамлекеттерден: Казакстандан, Тажикстандан, Пакистандан, Индиядан, Европадан, Америкадан! Менин 30 мүнөттүк лекциям бир жарым саатка созулуп кетти. Мунун баары алардын билимге умтулганынан, тартынбастыгынан, ачык экенинен болду.

Борбордук Азия жана дүйнөдөгү кырдаалдарды түшүнүү менен берген суроолору да салмактуу, маанилүү болду. Суроолор түгөнбөй койду. Нарынга келген убакыттын чектелгендигине байланыштуу «Ага Хан» уюмунун өкүлдөрүнө суроолорду токтотууга туура келди.

Нарындын өзүнөн университетке тапшырган кыздар менен балдарга өзгөчө кубандым. Алар бешөө экен.

Алардын бири Бурулсун, Нарын облусунан, англис тилинде мыкты сүйлөйт. Тилди ошол эле Нарында курстарга барып, мектепте, репетиторлор менен үйрөнгөн. Билимге умтулган көздөрү менен университетти көрсөтүп берип, жүзү бакыттан жана сыймыктануудан жанып турду. Коштошуп жатып өзүбүздүн нарындыктарча эле «Кандай экен? Жактыбы? Баары жакшыбы?» деп сурадым. Жооп кыскача болду: «Илим байке, бул жер со-о-онун!» деди бактылуу жүзү менен!

Баары ачык, жарык, жылуу, жайлуу… биздин коомго таандык болбогон кандайдыр бир бөлөкчө! Элестетүүгө мүмкүн болбогон кандайдыр бир нерсе! Өзгөчө Нарында!

«Жок, мындай болушу мүмкүн эмес! Өзгөчө бул жерде!» — мен БАУ жана анын тургундары менен таанышып жүргөн кезде бул ойлордун баары мага келип жатты. Алар менен коштошкум келбей койду. Кетким келбей койду. Иштеп, окуп, эптеп ошол жерде бир нерсеге илешип калып калгым келди…

[...]

Билим — жарык

Билим — өлкөбүздөгү бардык негизги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорунун бири, балким, жападан-жалгыз жолу экенине ишенем. Көйгөйлөрдүн, коррупциянын, жашоо шарттын начардыгынын, башаламандыктын айлампасынан чыгуунун, өнүккөн жана заманбап өлкө болуунун жолу.

Баары! Биздин адамдарга билим берген адамдардын баары мен үчүн ыйык. Мугалимдер, бала бакчаларды, мектептерди, университеттерди курган адамдар.

БАУнун куруп ишке киргизиш үчүн миллиондогон долларлар жумшалган. Дүйнөлүк деңгээлдеги университет эч кимге деле белгилүү болбогон бир өлкөнүн тоолорунун арасында. Биз «Ага Хан» уюмуна ыраазычылык билдиришибиз керек эмес, аларга сыйынышыбыз керек! Алар өлкөбүздүн эч ким деле инвестиция кылгысы келбеген аймагында керемет жаратышты.

Бул университет — Нарындын эле эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн келечеги! Бул университеттин көп багыттуу таасири бар: жумуш орундары, туристтер, окуу үчүн аз эмес акча төлөгөн студенттер, окуу мүмкүнчүлүгү, аралашуу, өлкөнүн аброюн көтөрүү жана башкалар.

Караңгы…

Азыр эртең мененки саат үч… бүгүн болсо мен башка себептерден улам уктабай жатам! Бүгүн Нарында болгон окуяга байланыштуу үрөй учурган абалды, кыжырданууну, уятты жана ызаны айтыш үчүн сөз жок.

Караңгылыктын, үмүтсүздүктүн алдында тизе бүгүп ал балдар эмес, нарындыктар турушу керек. Биз, кыргызстандыктар, «Ага Хан» уюмунун жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон, билим бергендердин баарынын алдында чөгөлөп турушубуз керек. [...] Өзүбүз үчүн болбосо да балдарыбыз үчүн, келечегибиз үчүн, Бурулсун жана ага окшогон башка адамдар үчүн.

БАУнун беш чет элдик студентин тизе бүктүрүп, кечирим суроого мажбурлоо менен өзүбүзгө туюлуп жаткандай, биз аларга сабак берген жокпуз, же намысыбызды коргогон жокпуз. Кайра өзүбүздүн деңгээлибиз кандай экенин көрсөттүк!

[...]

Көптөгөн адамдардын жүрөгүндөгү жалынды өчүрдүк. Алардын көңүлү бизден калып калды. Мурдагы күндү кайтарып келүүгө мүмкүн болгондо мен «Ага Хан» уюмунун, БАУнун студенттеринин, мугалимдеринин, кызматкерлеринин алдында көп жолу тизе бүкмөкмүн!

Мен Улуу Урматтуунун алдында чөгөлөп, кечирим сурамакмын. Бул бүтүндөй Кыргызстан эмес, бардык эл эмес, караңгылардын тобу демекмин! Биз, кыргызстандыктар такыр башкачабыз демекмин, бирок бул Улуу Урматтууга керек деле эмес…

Мен Нарынданмын, кечирип коюшуңарды өтүнөм… Алар — Кыргызстан эмес, алар — баары эмес. Биз көппүз, бизге жарык керек.

Сүрөт: Илим Карыпбековдун «Фэйсбук» барагы, «Турмуш».