Антониу Гутерреш: БУУ «Таза коом» долбоорун колдойт

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстанга «Таза коом» долбоорун ишке ашырганга жардам берүүгө даяр. Мурдараак демонстранттар Бишкектеги БУУнун үйүнүн алдына чогулуп, кыргыз өкмөтү «эл аралык милдеттерин аткарбай жатканы үчүн» мамлекеттин долбоорлорун каржылабоону өтүнүшкөн болчу.

БУУ «Таза коом» долбоорун ишке ашырганга жардам берет. Долбоор эл аларык демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен мамлекеттин ишин жакшыртууга багытталган.

«Жарандардын жашоосун жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган кыргыз бийлигинин бул долбоорун колдойбуз», — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш президенттик «Ала-Арча» резиденциясындагы презентацияда.

Гутерреш Кыргызстан мындан ары да Борбордук Азиядагы демократиянын символу болуп кала берет деп ишенет.

«БУУ  Кыргызстандын өкмөтүнө “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга да, туруктуу өнүгүүгө дагы мындан ары колдоо көрсөтөт. Биргелешип, климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюп жана Кыргызстандын ажайып мөңгүлөрүн сактап калууга эл аралык коомчулукту мобилизациялай алабыз деп ойлойбуз», — деди ал.

Атамбаев «Таза коом» долбоору туурасында

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн «Таза коом» долбоорун «Санарип жибек жолундагы алдыңкы топ болуу үчүн» дымактуу максат деп атады.

Атамбаевдин оюнча, Кыргызстан демократиялык баалуулуктары, либералдык экономикасы жана туруктуу экологиясы менен өлкө катары калыптанды. Ал эми «Таза коом» Стратегия-2040 долбоорунун башкы бөлүгү болуп калат.

Президент Кыргызстан соңку беш жыл ичинде коррупция менен күрөштүн натыйжасында кирешесин үч эсеге өстүрдү деп эсептейт.

«“Таза Коом” долбоорунун шарапаты менен коррупциянын деңгээли төмөндөйт, ал минималдык деңгээлге чейин түшүшү мүмкүн», — деди ал.

«Таза коом» долбоорунун максатына жетиш үчүн социалдык (билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрө), экономикалык (энергетика, айыл чарба, өнөр жай, кызматтар) жана мамлекеттик (демократияны куруу, коррупцияны алдын алуу, таза шайлоо) секторлор модернизацияланат.

БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга сапары

Бул Гутеррештин БУУнун баш катчысы катары Кыргызстанга алгачкы сапары. Анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапары 8инен 13-июнга чейин пландалган.

Антониу Гутерреш.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму БУУнун баш катчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон сапарында адам укуктарынын сакталышы боюнча маселени көтөрүшү керек деп эсептешет.

Гутеррештин сапарынын алдында Бишкектеги БУУнун үйүнүн алдына жарандык активисттер митингге чыгышкан. Алар баш катчыны Кыргызстандагы «саясий куугунтуктоолорго» көңүл бурууга чакырышып, кыргыз өкмөтүнүн долбоорлорун каржылабоону өтүнүшкөн.

Митингге чыккандар эл аралык милдеттенмелерди аткарбаган өкмөткө ишенүүгө болбойт деп билдирип чыгышкан. Активисттер Гутеррешке билдирүү жөнөтүшкөн, бирок Гутерреш ал боюнча үн каткан эмес.

Сүрөт: Султан Досалиев