Кайгуул милиция кызматкерлери мас абалда машина айдашкан

Укук коргоо органдары Бишкек жана Ош шаарларында эки кайгуул милициясын түнкү рейд учурунда кармашкан. Милиционерлер машинаны мас абалында айдап баратышкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз борбору кабарлагандай, тартип сакчылары Бишкек жана Ош шаарларында мас абалында машина айдап бараткан эки кайгуул милиция кызматкерин кармашкан.

Бишкектеги рейд 11-июнь күнү кечинде жүргөн. Түнкү саат бирде милиционерлер Кулатов көчөсүндө «Мерседес-Бенц» автомобилин токтотушкан. Анда Чүй облустук ИИББнин КМБнын кенже инспектору болгон.

Медициналык экспертизадан кийин аныкталгандай, инспектор мас абалында болгон.

Милиционерлер протокол түзүшүп, машинаны болсо штрафстоянкага киргизишкен.

Оштогу 13-июндагы рейд учурунда тартип сакчылары «Ниссан-Алмера» автомобилин токтотушкан. Рулда Ош ИИБнин КМБнын кенже инспектору болгон.

Медициналык экспертиза инспектордун мас абалда болгонун ырастаган.

ИИМдин жеке коопсуздук кызматы «Кызматтык дисциплинанын орой түрдө бузулушу» факты боюнча Бишкек жана Оштогу окуялар боюнча иликтөө ишин баштаган.