Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот дагы жылды

Биринчи май райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткан оппозициячылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайрадан карашы керек болчу. Жогорку сот адвокаттардын арызын карап чыгышы керек болгону үчүн отурум кийинкиге жылдырылган.

Текебаевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова Kloop.kgге билдиргендей, мыйзам боюнча Чотоновдун адвокаттарынын Жогорку сотко көзөмөл арыз бериши үчүн беш күнү болгон. Бирок иштин маңызы боюнча кароо өтпөшү үчүн аларга бир күн калганда арыз берүүгө туура келген.

Анын айтымында, коргоочу тарап Текебаевдин камалышын да даттанышы мүмкүн.

Текебаевдин партиялашы Наталья Никитенко Kloop.kgге айткандай, айыптоочу тарап жараянды «мүмкүн болушунча тездетүүгө» аракет кылып жатат.

«Бардык белгилер мыйзамга шайкештикке жана ишти карап изилдеп чыгууга кызыкчылыктын жок экенин көрсөтүп турат», — деди Никитенко.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Салянованын айтымында, бийлик Текебаев президенттикке талапкер болбошу үчүн бардык нерсени жасап жатат.

«Текебаевдин иши боюнча бир канча соттук жараяндар өттү. Бир да соттук отурум мыйзам бузууларсыз өткөн жок. Бардык система Өмүрбек Чиркешовичти президенттик шайлоого өткөрбөш үчүн иштеп жатат», — деди ал.

Сот Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча эки жолу отурум өткөрүп, экөө тең процедуралык себептерден улам кийинкиге жылдырылган.

Текебаев менен Чотоновдун иши

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып жатат. Ал командировкадан келатканда 26-февралга караган түнү «Манас» аэропортунда кармалган.

Айыптоочу тарап Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар алган деп шек санап жатат.

Орусиялык ишкердин арызында айтылгандай, Текебаев «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүнү убадалаган.

Чотонов болсо, тергөөчүлөрдүн оюнча, Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Чотонов да коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен саясатчыларды коё берүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.