Бишкек: Көчөдө заара ушаткан милиционер иштен айдалышы мүмкүн

Коомдук желеде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде заара ушатып аткан милиционердин сүрөтү пайда болду. Милициядагылар анын тек-жайын аныктап атышканын жана аны кызматтан алышы мүмкүн экенин билдиришти.

Бул сүрөт bishpromogroupтун «Инстаграм» барагына чыккан. Анда милиционер таштанды челектеринин жанына барып заара ушатып атканын көрүүгө болот. Анын жанында MVD 142 B номурлуу кызматтык машинасы да турат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда Гоголь көчөсүндө болгон.

ИИББнин басма сөз борборунан Kloop.kgге кабарлашкандай, кызматтык териштирүү жүрүп жатат, милиционердин тек-жайы аныкталгандан кийин ага чара колдонулат.

«Ал кызматкерге дисциплинардык катаал чара колдонулат, аны айдашса керек», — деди басма сөз борборундагылар.