Ысык-Көл: Газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголду

ИИМ газ куюучу станциядагы жарылуу факты боюнча техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Ушул жылдын май айында Мамэкотехинспекция станцияны жабууну талап кылган болчу. Жарылуудан эки киши каза таап, дагы сегиз киши жабыркаган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жарылуу боюнча иликтөөнү өзү көзөмөлгө алып, өлкөдөгү бардык газ куюучу станцияларды текшерип чыгууга буйрук берди.

Андан тышкары, ушул жылдын май айында Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери станцияны текшеришип, жабууну талап кылышкан. Мекеменин кызматкерлери ишти токтотуу боюнча акт түзүшүп, газ орнотулган жерди 31-майда пломбалап кетишкен.

Бирок газ куюучу бекет ишин уланта берген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, станция жергиликтүү тургун Виктор Бориского таандык болгон.

Милициянын алдын ала маалыматтары боюнча, жарылуу газды куюштуруп атканда болгон.

«Эмне себептер менен ал дагы эле ишин улантып келгени учурда текшерилип жатат», — деген Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүүгө тапшырма берген. Жардам жабыркагандарга да берилет.

Газ куюучу бекет Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында 19-июнда жарылган. Жарылуудан 52 жаштагы киши менен анын он жаштагы уулу мерт болуп, дагы сегиз киши жабыр тартышкан.

Мүрт кеткендер Чүйдүн Сокулук районунун тургундары болушкан.

«Атасы бул газ куюучу станцияга газ ташуу менен алектенген, уулун да өзү менен кошо алып алган окшойт. Алардын күйүп кеткен сөөктөрүн машинадан табышкан», — деп кабарлашты милициядагылар.

Калган сегиз киши жергиликтүү тургундар болгон. Амбулаториялык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алардын бирин үйүнө коё беришкен, калган жетиси ооруканада оор абалда жатышат.

Сүрөт: ӨКМ.