Бийлик жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 219 га жер бөлүп берди

Өкмөт Оштун Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркагандарды көчүрүш үчүн 219 га жер бөлүп берди. 900дөн ашуун үй-бүлө бул жерге көчүп келмекчи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей, 900дөн ашуун үй-бүлө Өзгөн районунун башка айылдарына көчүрүлмөкчү.

Бороновдун айтымында, азыр бул аймактарга электр жарыгын жана ичүүчү суу тартуу иштери жүрүүдө.

Андан тышкары, жабыр тарткандарга пенсиялары жана айлыктары бир канча айга алдын ала төлөнгөн.

Бороновдун билдиришинче, 40тай үй-бүлө кооптуу жерлерден чыгып кетүүдөн баш тартып жатышат.

«Алар башка жактан жер алса да көчүп кетпей жатышат. Бирок ал жерде жашаганга болбойт, сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды көчүрүп кетүүнү пландап жатабыз, анткени ал жерде кийинки жылы дагы жер көчкү жүрүшү мүмкүн», — деген министр.

Ушул жылдын жаз мезгилинде Өзгөн районунда удаа түшкөн жер көчкүдөн 30 киши көз жумган.

Март айынын соңунда Ничке-Сай айылында жер көчкү турак-жайды басып калып, бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү мерт болгон.

Ушул жылдын апрель айынын соңунда да Өзгөндүн Аюу айылында чоң көлөмдөгү жер көчкү түшүп, 24 кишини басып калган.


ТЕМА БОЮНЧА: