Орусия кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүүнү сунуш кылды. Эмне белгилүү?

Орусиянын бийлиги Кыргызстан жана Казакстан менен аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз жана казак аскерлери согуштук аракеттер токтогон аймактарда абалга мониторинг жүргүзүү менен алектениши ыктымал.

Кыргыз жана казак аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу биринчи болуп Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын айтып чыккан. Бул тууралуу ал Haberturk телеканалына билдирген.

Мамдуманын коргоо боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов «РИА Новости» басылмасына курган маегинде билдиргендей, Казакстан менен Кыргызстандан аскерлерди Сирияга жөнөтүү туурасында сүйлөшүүлөр чындыгында жүрүп жатат.

Кыргыз жана казак аскерлеринин Сириядагы ролу кандай болот азырынча белгисиз. Бирок Калындын айтымында, алар согуштук аракеттер токтогон Идлиб провинциясында мониторинг менен алектениши мүмкүн.

«Башкача айтканда, 300 аскер керекпи, же 500бү? Учурда Идлибде миллиондон ашуун киши жашайт. Ошончо калкы бар жерге канча аскер керек экенин азыр чечип жатышат», — деген Түркия приздентинин өкүлү.

Кыргызстандын ТИМи бул сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере элек, бирок Kloop.kgнин кабарчыларына бул боюнча кийинчерээк маалымат берээрин билдирди.

Кыргызстандын Башкы штабынын басма сөз кызматы «КирТАГ» басылмасына кабарлагандай, кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу маалыматтар — «Орусиядагы ЖМКнын ойдон чыгарганы».

«Эгер чын эле мындай сүйлөшүүлөр болгондо бизге өлкө башчысынын атынан расмий кайрылуу келип түшмөк. Бирок андай кайрылуу келип түшкөн жок», — деген басма сөз борборунан.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов дагы казак аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү төгүндөгөн. Анын айтымында, Сириядагы коопсуздукту камсыздоо боюнча суроолор Астанада 4-5-июлда талкууланмакчы.

Өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын ортосунда 2016-жылдын декабрь айынын акырында элдешүү жарыяланган. Ошондон бери согуштук аракеттер токтогон бир нече аймактар аныкталган. Анын ичинде Идлиб провинциясы да бар.

Орусия Сирияда 2015-жылдын күз айынан бери аскердик операцияга катышып келет. Расмий маалыматтар боюнча, Орусия Сириянын президенти Башар Асадды терроризм менен күрөшүү ишинде колдоп келет.

Бирок Асаддын бийлигине каршы чыккан козголоңчулар Орусияны террористтик эмес уюмдарга кол салуу боюнча айыптап келишет.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын жаз айларынан бери уланууда. Тирешүү көтөрүлүшчүлөр менен Башар Асаддын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосунда жүрүүдө.

Сүрөт: «РИА Новости»