БШК: Атамбаевдин Жээнбековду мактоосу үгүт эрежелерин бузбайт

Борбордук шайлоо комиссиясы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков азырынча президенттик шайлоого талапкер катары каттала элек болгону үчүн аны колдогон сөздөр үгүт эрежелерин бузбай турганын түшүндүрдү. Мурда президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «өлкө үчүн жакшы тандоо» деп атаган болчу.

Боршайкомдун белгисиз бойдон калгысы келген өкүлү Kloop.kgге айткандай, Атамбаевдин Жээнбековго карата айтылган колдоо сөзү үгүт иштери боюнча мыйзамга каршы келбейт.

«Азырынча Жээнбеков талапкер эмес, азырынча эч нерсе жок, ал премьер-министр да. Эгерде премьер-министрлик кызматтан кетип, шайлоого аттанса, анда бул башка кеп», — деди ал.

Казандагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн учурда Атамбаев Жээнбековду «өлкө үчүн жакшы тандоо» деп атаган болчу.

Расмий түрдө премьер-министр азырынча КСДПдан талапкер катары көрсөтүлө элек, бирок партиянын саясий кеңешинин отурумунда президенттикке сунушталган болчу.

КСДПдан президенттикке талапкер 15-июлда өтө турган партиянын съездинде тандалмакчы.

БШКдагы булак түшүндүргөндөй, президенттикке талапкерлердин аттары жазылган көрнөктөр таратылса анда үгүт жүргүзүү боюнча мыйзамдар бузулат. Үгүт иштери 10-сентябрдан тарта башталат. Анын айтымында, азырынча эч ким талапкер катары расмий каттоодон өтө элек.

«Биринчи эскертүү берилет, кийин штраф салынат, андан соң четтетилет. Бирок азырынча талапкерлер да жок, аларды каттоо да баштала элек», — деди БШКнын өкүлү.

Кыргызстандын президентин шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Жээнбековдон тышкары президенттикке ат салышаарын «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев жана ошондой эле учурда абактагы оппозициячылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: