Кыргызстан курамасы ФИФАнын рейтингинде 127-орунга көтөрүлдү

Эл аралык футбол федерациясынын июнь айындагы рейтингинде Кыргызстан курамасы 127-орунга чыкты. Улуттук курама май айына салыштырмалуу позициялык тизмекте беш орунга жогорулаган.

Июнь айынын жыйынтыгы боюнча Александр Крестининдин шакирттери июнь айына салыштырмалуу дүйнөлүк рейтингдин тизмегинде 127-орунга чыккан.

Май айында ФИФАнын жаңы эрежеси күчүнө кирген. Ага ылайык рейтингдеги орундарга акыркы төрт жыл ичиндеги беттештерге катышкан командалар оң таасир бере алат.

Буга кошумча упайга эчак болуп өткөн матчтардын коэффициенти да таасир этет. Ар 12 айда болгон жеңиш команданын эсебине мурдагыдан да аз упай алып келет. Бирок ага карабастан улуттук курама Азия Кубогунун экинчи тандоо баскычында Индиядан жеңилгени менен, команда дүйнөлүк рейтингде өзүнүн абалын жакшырта алды.

Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан курамасы (233 упай) 20-орунду ээлеген. Азия аймагында мурдагыдай эле лидерликте Иран турат, анын эсебинде 829 упай бар.

Аталган рейтингде Азия Кубогу-2019 тандап алуу оюндарындагы кыргыз курамасынын атаандаш командалары ФИФАнын рейтингинде позицияларын жакшыртышты: Индия 96-орунда, Мьянма 157-орунда жана Макао 182-орунда турат.

Июнда Мьянманын курамасы май айына карганда рейтингде алты орунга өйдө жылган. Азия Кубогу-2019 тандоо этабында Кыргызстан курамасы дал ушул командага каршы экинчи матчты өткөрөт. Беттеш Бишкекте 5-сентябрда өтөт.

Өткөн айдын мыкты командасы болуп Андорранын курамасы табылды, алар дароо 57-позиция өйдө көтөрүлүп 129-орунга чыгышкан. Бардыгынан Свазиленд курамасы өзүн жаман көрсөткөн, ал дүйнөлүк көрсөткүчтө 42-орунга төмөндөгөн.

ФИФАнын биринчи ондугунда чоң өзгөрүүлөр болду. Биринчи орунда турган Аргентинанын ордун Конфедерация кубогунун ээси Германия курамасы ээлеп калды. Анын артында Бразилия, Аргентина, Португалия, Швейцария жана Польша курамалары турат.

Конфедерация кубогунун финалисти Чили үч тепкичке ылдый түшүп 7-орунда турат. Андан кийин Колумбия менен Франция курамалары туруп, 10-орунда Бельгия курамасы калды.

ФИФАнын курамалар рейтинги — өтүп жаткан учурда командалардын күчүн аныктай турган система. Ал ай сайын жаңыланып турат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: