Орусия: Кыргызстандык киши баласын өлтүргөнү үчүн 7 жылга соттолду

Тюмень соту Кыргызстанда туулган адамды баласын өлтүргөндүгү үчүн жети жылга эркинен ажыратты. Эки жаштагы наристе «катуу ыйлагандыгы» үчүн өлтүрүлгөн.

Кыргызстанда туулган Курманали уулуна Тюмень шаарынын Ленин райондук соту күчөтүлгөн тартиптеги абак жазасына жети жылга кесүү боюнча өкүм чыгарды.

Кыргызстандык өзүнүн баласын өлтүргөндүгү үчүн соттолду. Эки жаштагы бала 2017-жылдын февраль айында катуу ур-токмокко алынган.

Иштин материалдары боюнча өспүрүмдүн катуу ыйлаганы ур-токмокко алууга себеп болгон.

Дарыгерлер баланын баш-сөөк мээсинин жаракат алышынан улам ооруканага жаткырган, бирок ал эс-учуна келбей каза тапкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун атасы баласын сабаганын танып койгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: