Бишкек милициясы 2012-жылы эки таксисттин өлүмүнө шектелген 24 жаштагы жаранды кармады. Кармалган адам беш жылдан бери милициядан жашырынып жүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы 24 жаштагы И.Б аттуу жаранды кармагынын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча ал шериктери менен 2012-жылы жаңы конуштардын биринде эки такситти өлтүрүшкөн.

Кылмышка шектүүлөр такситтердин бирин муунтуп жеке автоунаасын тартып алып, экинчисин токмоктоп бет тушка атып салышкан.

«Каракчылар машинада таксистти басып алып, аны булгары кур менен муунтуп, учурда кармалган адам алдын ала даярдалган 4,5 мм тапанчаны алып чыгып бир нече жолу бет тушка аткылап салган», — деп билдирет ИИМ.  

Кылмышка шектүүнүн шериктери 2012-жылда эле колго түшүшкөн. Кылмышкердин өзүнө мындан беш жыл мурун издөө жырыяланып, ал 2017-жылдын июль айында колго түшкөн. Азыр ал ИИМдин тергөө изоляторунда кармалып жатат.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.  

Которгон Алмир Алмамбетов

ТЕМА БОЮНЧА: