Доо арыздар, Атамбаев жана «Занозанын» келечеги. Басылманын башкы редактору Дина Маслова менен маек

Дина Маслова — «Заноза» интернет басылмасынын башкы редактору. Ага каршы Кыргызстандын бийлиги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча доо арыздарды берген. Басылма жалпы жонунан президентке 24 млн сом төлөп бериши керек. Kloop.kg Маслова менен доо арыздар, Атамбаев жана «Занозанын» келечеги тууралуу кеп курду.

Эскертүү: Бул интервьюну Kloop.kgнин башкы редактору Элдияр Арыкбаев Масловадан май айынын соңунда, «Занозанын» үстүнөн сот иштери башталганга чейин алган. Сайтка чыгарып жаткан убакта (11-июль) интервью Маслованын комментарийлери менен толукталды. Орус тилиндеги интервьюнун кыскартылган котормосу.

Элдияр Арыкбаев, Kloop.kg: Президент көп миллиондогон доо арыздарды берген адамдын башында эмне болуп жатканы мага кызык болууда. Бир эле сиздин эмес, кесиптештериңиз менен чогуу иштеген басылмаңызга дагы доо арыз берилип атат да.

Дина Маслова: Мен отуруп калышым керек эле, киши колдуу болуп, кандай азап болуп жатканын ойлошум керек болчу. Чынын айтсам, айлам калбады деп калп айтып койгум келет. Бирок андай эмес.

Биринчиден, журналистикада, өзгөчө саясий журналистикада жана медиа-менеджментте «айтылган сөз — атылган ок» деген эреже менен жашаш керек. Ар кандай кесепеттери болуп кетээрин түшүнүш керек, ошондуктан мен ар кандай постторду чанда эле жазам. Коомдук желелерде туталануу мага таандык эмес, мен бул темада комментарий жазбайм деле, анткени… биздин чөйрөбүз ар кандай кемчиликтери жана артыкчылыктары менен.

Эгерде доо арыз 200 миң сомго болгондо, бул менин тынчымды көбүрөөк алмак. Анда мен «акчаны кайдан табам, кызматкерлердин бир бөлүгү айлык ала албай калат, салыктарды өз убагында төлөй албай калам» деп ойлонмокмун. Ал эми доо арыздын жалпысынан 27 млн сом экени, бул мен үчүн сандырак сумма. Менин бир миллионум да жок, ал эми 27 млн менде качандыр бир убакта болоорунан шегим бар.

Медианын, өзгөчө биздин өлкөдө, аз кирешелүү бизнес экенин түшүнүш керек. Бул негизи орточо медиаларда. Мен «Вечерний Бишкек» же «Супер-Инфо» холдиңдери тууралуу айтпай элемин. Көп кирешелүү бизнес жасаган негиздөөчүлөрүнө баракелде.

Мен бул жагынан алып караганда эми баштап жаткан кишимин. Кандайдыр бир нерсени түптөш үчүн менин баштапкы капиталым болгон эмес. Бир жыл бою мен карызда жашадым, досторумдан ири суммадагы карыздарды алгам. Бир жыл ичинде бутубузга туруп, айлыкка чыга баштады. Бизде атүгүл тазалагычыбыз да жок болчу, баарын өзүбүз жыйнаштырып, даарат кагазды да сатып алчубуз.

Качан гана бул сумма сандырак болуп, чындыкка коошпой атканда, тынчсызданууга кажет деле жок деп эсептейм.

Э.А., Kloop.kg: Кайсы убакта ушул 27 млн сом сиздин кыжырыңызды келтирбей калды?

Дина Маслова: Биринчи эле доо арызда. Башынан эле бул сандырак сумма болчу.

Биз «Занозаны» түптөгөн кезде президенттик шайлоого жакын бизге басым жасоо башталат деп ойлогонбуз. Кандайдыр бир соттук териштирүүлөр, коркутуулар болушу мүмкүн экенин күткөнбүз. Башкача айтканда, бир жыл ичинде мен шайлоо өтө турган жылы кандайдыр бир нерсе башталаарына психологиялык жактан даяр болгом. Биз моралдык жактан даярданганбыз.

[...]

Э.А., Kloop.kg: Атамбаев менен жолугушкуңуз келет беле?

Дина Маслова: Эми, бул кызыктуу жолугушуу болмок, бирок саясатчылар менен жолугушкум эч качан келген эмес, жолугушуш керек эле болуп калбаса. Мурда редакциялык иштерим бар болчу, эми болсо мына…

Президент Алмазбек Атамбаев.

[...]

Э.А., Kloop.kg: Кээде менде башкы кыжырды кайнаткан киши сиз менен «Заноза» эмес эле, Нарын Айыппы деген ой пайда болот.

Дина Маслова: Макул, мен ага кантип таасир эте алам? Биринчиден, ал тең түзүүчү, биздин укуктарыбыз бирдей. Экинчиден, ал фонддун президенти. Анан? Ал «Занозанын» мендей эле кожоюну. Анын өзүнүн турмуштук принциптери бар, ал 64 жашта, адамдар өзгөрбөйт.

Менин оюмча, ал «Watchdog» — өлкөдө жок дегенде бир ушундай киши болушу керек деп эсептейм. Мен ага «Жазбаңыз!» десем, ал «Эмнеге жазбайм?» дейт да. Ооба, мен да түшүнүп турам, кыжырды кайнаткан башкы киши — бул Нарын Айып. Бирок мен анын принциптерин сыйлайм.

[...]

Э.А., Kloop.kg: Мага «Занозанын» банк эсептеринин камакка алынганы кызык болуп атат? Басылмага эмне болот?

Дина Маслова: Акыркы үч айда эмне болду? Ооба, банк эсептерди камакка алышты. Бирок биздин кассабызды камакка алышкан жок, акыркы үч айда биз ошол менен жашап келдик. Май айына карата эмгек акыларын мен кассадан төлөп бере алам.

[...]

Э.А., Kloop.kg: Келечек жөнүндө сөз кыла турган болсок, жалпы беш доо арызбы? Кандай ойдосуз, мунун баары эмне менен бүтөт? Эмнеден үмүт кыласыз?

Дина Маслова: Негизи эле божомолдош кыйын. Баарынын башында ар кандай ой бар болсо керек деп эсептейм.

Бийлик медианы куугунтуктап, радикалдаштырууга аракет кылып жатат окшойт. Бул укук коргоочуларга, саясатчыларга жана эл аралык уюмдарга маалыматтык шылтоо болуп берет. Бул бийликке керек беле, түшүнбөй турам. Бул алардын беделине терс таасирин тийгизет.

Ал эми биз да ыкчам чечим кабыл ала албайбыз, анткени баары эле шайлоо жана каршылаштарын жок кылуу менен алек болуп калышты. Ошон үчүн бул чечим да бизге каршы болуп калышы мүмкүн. Соттордун ысымдарынан эле кандай чечим чыгаары түшүнүктүү болуп калды. Башкача айтканда, бул менин кандайдыр бир административдик иштеримди оорлоштурат, мага бул керек эмес.

Э.А., Kloop.kg: Силердин мүлкүңөрдүн камакка алынышы боюнча да сурайын деп жаттым эле, эмне болуп жатат?

Дина Маслова: Нарын Айыптын батири камакка алынган, ал жерде 87 жаштагы апасы жашайт. Ал турак-жайсыз калып калуу коркунучу бар.

Менин эч нерсем жок. Журналистика — аз төлөнгөн кесип. Кантип батирге акча топтой алмак элем? Банк эсебим бар, бирок кечирип койгула, ал жердеги каражат бала бакчага, жол киреге, тамак-ашка, өзүмө эле жетет, ошол эле. Бул каражаттардын эсебинен мен эч качан доо арыздарды төлөп бере албайм.

[...]

«Занозанын» тең түзүүчүсү Нарын Айып.

Э.А., Kloop.kg: Атамбаев доо арыздар боюнча комментарий берип жатканда, тагыраак айтканда Нарын Айыпка карата, ал «жоомарт грант берүүчүлөр» тууралуу сөз кылды. Ким алар?

Дина Маслова: Токтой тур. Эң жоомарт грант берүүчү биздин өкмөттүкү. Жок дегенде ушуну байкаганга болот. Биз гранттар жана насыялар боюнча инфографика жасаганбыз. Мен Каржы министрлигинин ушундай грант берүүчүлөрү бар экенине аябай ичим күйөт…

Э.А., Kloop.kg: … жоомартпы?

Дина Маслова: Ооба, жоомарт. Ошол эле «Таза Коомду» алсак. Донорлордон 20 млн доллар суроону пландап жатышты эле, эми болсо 50 млн деп атышат. Мунун баары гранттар. Өкмөт бул боюнча мамлекеттик бюджеттен каражат коротпой турганын ачык эле айтты. Биз кайдан-жайдан белек алып калгыбыз келет. Ошондуктан мен күзгүнү карап, башкалардын башындагы чөптү көрбөй, өздөрүнүн башындагы төөнү көрүүгө чакырат элем.

Э.А., Kloop.kg: «Жоомарт грант берүүчүлөр» бар беле өзү?

Дина Маслова: Бизде гранттар бар, бирок алар жоомарт дегенге такыр жатпайт. Кыргыз басма сөзүндө маал-маалы менен мен кимден, канча миллион алганым тууралуу маалымат чыгып атат. Ошол маалымат USAID жөнүндө болду эле, бирок ал биздин грант берүүчүбүз болгон эмес. Бирок мен алардын 6-7 млн алыптырмын, же алганга камынып атыптырмын. Мен зерикпей АКШнын элчилигине телефон чалып, кандайдыр бир гранттык сынактар болуп атабы, анын жок дегенде ондон бирин алганга болобу деп сурадым. Жок деп айтышты.

Биздин гранттар долбоор менен келет. Мисалы, күчтүү аялдар тууралуу интервьюлардын сериясына грант. Негизи эле менин оюмча, бул интервьюлар менен биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, тескерисинче, бир гана пайда келтире алдык.

[...]